Menu

Сот Аида Салянованы камакта калтырды

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор жана мурдагы юстиция министри Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын доо арызын бүгүн карап, аны камакта калтырды. Муну менен мурдагы инстанциянын чечими өзгөртүлгөн жок.

Сот жабык өткөнүн жеринен «Азаттыктын» кабарчысы билдирди. Сотко мурдагы башкы прокурордун 20 чакты жакындары, тарапкерлери келишкен. Анын жакын туугандарынын бири Чынара Турдалиева Салянованы колдоо боюнча кол топтолуп жатканын, мындан тышкары президентке кайрылуу да жибериле турганын кабарлады.

5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган. Мурдагы депутат кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда бошотулушу боюнча 3-июнда 48 саатка Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Акыркы күндөрү Саляновага №1 тергөө абагында коркутуу, кысым болуп жатканын анын адвокаттары, партиялаштары айтып жатышат. Мындан улам алар мурдагы депутаттын бөгөт чарасын өзгөртүүнү талап кылып келишкен. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул айтылгандарды четке каккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: