Menu

Туй байке туура кеттиби?

Бөлүшүү:

Мелис Аспеков, жарандык активист:

– Абдраимов журналист кызга орой кайрылды. Баары губернатордун күнөөсү менен, анын окуя болгон жерге кеч келгенинен башталды. Кечки 6-7лерде келген экен, журналисттер эмнеге кеч келгенин сурашты. Алар анын жеке жашоосуна аралашышкан жок, өзүнө гана тиешелүү темада суроо жаадырышпады. Иш боюнча сурашты. Сары-Өзөндүн башчысы болгондон кийин, капсалаңдуу окуя башталып атса, керек болсо күнү бою ошол жерде болууга милдеттүү эле. Ар саат сайын маалымат таратып турса болмок. А бирок, өз күнөөсүн билбей, кечигип келгенин айткан журналистке жооп бере албай, кайра беттен алды. Мен ал кыздан кечирим сурап коебу деп күткөм, бирок сурамак тургай оройлугу барган сайын ашты. Ошондуктан, Абдраимовдун кызматтан алынышы туура эле болду.

Кубанынбек Исабеков, экс-депутат:

– Негизинен Кыргызстанда коомчулук чыдамсыз болуп калды. Журналисттер деле кээде туура эмес кылып коюшат. Өкмөттүн өкүлүнө туш тараптан жабалактап, саат канчада келгенин суракка алышыптыр. Абдраимовдун эмнеге окуя болгон жерге башка бийлик өкүлдөрүнөн кечирээк келгенине орчундуу себеби болушу мүмкүн да. Жыйында болсо керек, же кечирээк угуп калган чыгаар. Азыр бизде адамдар бирин бири угуп, түшүнгүсү келбей калды. Бирдеме болсо эле дароо ызы-чуу чыгарыш керек. Ал эми Абдраимовдун отставкага кетиши бир гана журналисттер менен болгон пикир келишпөөчүлүктөн эмес болсо керек. Акыркы учурда өкмөткө сын көп айтылып жатканынан да өкмөт башчы ушундай чечим кабыл алышы мүмкүн.

Рита Карасартова, укук коргоочу:

– Туйгуналы Абдраимовдун отставкага кетиши бийлик жарандардын үнүнө кулак салганынын белгиси. Бизге эчак эле Акаевдин убагынан бери бир кызматтан экинчи кызматка көчүп жүргөн эски аткаминерлердин тобунан кутулуу керек эле. Бул жагынан өкмөт башчынын чечими туура болду. Туйгуналы Абдраимовго саясаттан четтөөгө деле убакыт келип жетти. Бизнеси бар болсо керек, саясат менен эмес, ошону менен алектенгени жакшы. Салык төлөп, мамлекетке пайда алып келет.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: