Menu

Атамбаев жеткен манипулятор, алдамчы, эки жүздүү эмес, жүз жүздүү!…

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев 8-июнда өткөн КСДПнын митингинде “саясий куугунтук токтобосо, президент Сооронбай Жззнбековду бийликтен кетүүгө чакырык таштаарын” ачык жарыялады. Анын бул аракети өзүнө болчу чабуулду алдын алуубу же президенттин айласын кетирүүнун аракетиби?

Уран Рыскулов, коомдук ишмер: “Бурчка такалган жаныбардын айласы кеткендеги кадамы”

– Мен Алмазбек Атамбаевдин бул аракетин бурчка такалган, не кылар айласын таппай жаткан жараланган жаныбарга салыштырам. Башкача айтканда, бурчка такалган жаныбардын айласы кеткендеги кадамы деп түшүнөм.

Абдырахман Маматалиев, экс-вице-премьер-министр: “Коргонуунун эн жакшы түрү – чабуулга өтүү”

– “Коргонуунун эң жакшы түрү – чабуулга өтүү’’- деген сөз бар эмеспи. Коомчулукта акыркы учурдагы чуулгандуу кылмыш иштери (Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, ЖЭБ ж.б.) боюнча АШАнын аты көп айтыла баштады. Кармалган жетекчилердин ага каршы көрсөтмө бериши мүмкүн деген божомолдор да бар. Ошондуктан, ал ушундай жол менен коргонууга өттү окшойт.

Темирбек Асанбеков, “Мекен Ынтымагы” партиясынын лидери: “Бийлик менен тил табышуу үмүтү иш жүзүндө аткарылбасына көзү жетти”

– Алмаз Шаршенович бийликтин философиясын жана ички эрежесин өтө жакшы билет. Ошондуктан, алдын ала өзүнүн саясый коопсуздук камын көрүү иш аракетин жүргүзө баштады. Анткени, бийлик менен тил табышуу үмүтү иш жүзүндө аткарылбасына көзү жетти.

Камила Талиева, экс-вице-премьер-министр: “Ультиматум формасындагы “ормон опуза” болуп калды”

– Митингде резолюция кабыл алышпадыбы, ал мазмундук жактан резолюция эмес эле, ультиматум формасындагы “ормон опуза” болуп калды. Бул ультиматумду коомчулук деле, бийлик деле тааныбайт, менимче.

Эгер мындай иш аракеттер менен президентти кетирүү маселесин кабыргасынан коюп, дыкат бул ишке кирише турган болсо, эң оболу, “экс” деген статустан баш тартсын да, эркин саясатчы катары билген намазын окуй берсе акыйкаттык болоор эле.

Бул жерде, экс-президент азыркы президенттин аброюна эбегейсиз шек келтирип, оозуна келгенди оттоп, чектен чыгып кетти. Экс деген статусту алып жүргөндөн кийин биринчи кезекте кыргыз элин, анан, мыйзамды сыйлап, дипломатиялык таризде сүйлөгөнү дурус болмок, элди да өзүнөн ирээнжитмек эмес.

Бүгүнкү президентти мыйзамдарды бузуп туруп эле, шайлоодо өзү баш болуп агитация кылып, элди үгүттөп жүрүп, өзү алып келген президентти эми “легитимсиз” деши да эч кайсы логикага жатпайт.

Ушул жерде таң калыштуу жагдайды айтып коюу керек, президенттин пресс-катчылыгы үч күн болсо да, бир да жолу “абысын айтышка” жооп бергенге жарабады, эмнеге мындай үнсүз позицияны карманып турганы түшүнүксүз.

Канткен күндө да, албетте, өтө осол жагдайлар, кырдаалдар түзүлүп калды, эл аралык коомчулук да карап турат, башка элдердин алдында уят эле болуп жатабыз.

Каныбек Мырзаканов, “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү: “Тез арада АШАны камаш керек”

– Митингинде Алмазбек Атамбаев сөзүнүн акырында: “Эгерде Жээнбеков өз билемдигин токтотпой, зөөкүрлүгүн уланта берсе, жанагы чет өлкөлөргө чыгарып жиберген акчаларынын артынан өзү да кетсин деп чыгабыз”- дегени абдан кызык болду. Мага ушул сөздөрдү Атамбаев өзү жөнүндө айтып алгандай сезилди. АША президент болуп турганда саясий куугунтуктарды баштаган, мыйзамсыз буйруктарды берип оппонентерин жалган жалаа менен каматкан, алар бүгүн да түрмөдө отурат. Ал эми өзүнүн жакындарына экономикалык кылмыштарды жасаганга мүмкүнчүлүк берген. Өзү: ТЭЦ, Тарых музей, Ипподром жана башка кылмыш иштерди жасагандардын убалына калган. Жакын арада кокусунан эле “ооруп калдым” деп чет өлкөгө дарыланыш үчүн кетип, кайтпай коюшу мүмкүн. Ошондуктан тез арада АШАны камаш керек. ЖКте генпрокурор “Атамбаевге кылмыш ишин ачуу маселеси каралып жатат” деп айткан.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер: “Атамбаевге өзү орноткон тартип боюнча кылмыш иши козголушу керек”

– Алмазбек Атамбаевге каршы ошол 8-июнда айткан сөзү үчүн ал өзү орноткон тартип боюнча кылмыш иши козголушу керек. Эсиңиздерде болсо Өмүрбек Бабанов шайлоо учурунда «тизелеп жашагыча, тик туруп өлгөн артык» деп айткан сөзү үчүн иш козголуп, мына азыркыга чейин мекенге кайтып келе албай жүрөт. Бабанов анда элди өз укугун сактоого гана чакырса, Атамбаев ачыктан ачык эле түздөн-түз бийликти күч менен төңкөрүүгө чакырык таштап атат. Өзүнүн эле сөзүн ага коюп бериш керек. Кыргызда муну “башкага аң казсаң, өзүң ошого түшөсүң”- дейт. Атамбаев азыр билип турат, сезип да жатат. Жакында анын иши Жогорку Кеңешке түшөт. Андан экс-президент деген макам алынат. Иммунитети шыпырылат. Анан камакка алына турчу күн да келет. Кылмыштары абдан көп. Эң негизгиси – бул 7-апрелде жанын кыйган эр-азаматгарыбыздын канын, аларга карганып берген антын актабаганы. Мына текке кеткенин азыр өзү кайра-кайра айтып атат. Демократия да орногон жок, сот да баягы эле саткын, акыйкаттык жок, баардыгы эскидей эле. Өзү отуруп алып «мен эштекени билбептирмин» деп уялбай эле айтып атат. Президент кылып биз муну шайлап, ишенип алып барсак, бул көрсө ошол Икрам менен Абдилдерге алданыптыр. Айтор, өзүнүн эң маанилүү чечиминде дагы жаңылганына да бизге догурунуп атат. Президент Жээнбековду аябай эле жакшы мактап бербеди беле убагында, “мен 25 жыл тааныйм, мындан мыкты досум дагы, дасыккан мамлекеттик ишкер дагы жок” – деп. Эми президент анын тилин албай койсо, “жаңылдым” деп кыйкырып-өкүрүп атат. Ал киши куурчак эле болуп бериши керек эле да. Бул азыр атайын эң ыплас сөздөр менен президентке асылып атат. Атамбаевдин максаты өзүнүн мамлекетке чыккынчылыгын, элге эбегейсиз зыян келтирген кыянаттык кылмыштарын азыр ошол Жээнбеков менен жеке кармашууга айлантуу, элди алаксытуу. Эртең камалган күндө дагы, мунун ою боюнча элдер “Атамбаевти бийлик президентке каршы сүйлөгөнү үчүн камады’’- деп айттыруу. Биз мунун сөздөрүнө алаксыбайлы. Атамбаев жеткен манипулятор, алдамчы, эки жүздүү эмес, жүз жүздүү. Өзү да уялбайт. Байкабайт да болушу керек уятын. Ага көңүл буруунун да кереги жок. Камаш керек.

Назира Айтбекова, теле алып баруучу: “Жыйырма жылдан ашуун эгемендик жашообузда мынчалык мажүрөө саясат болбосо керек”

-Жыйырма жылдан ашуун эгемендик жашообузда мынчалык мажүрөө саясат болбосо керек. Саясат айдыңында ботко кайнап атат. Кимди ким көрдү Буржубайды там басты заманы. Ачыгын айтканда бир этегин үзө басып, бир этегин кесе баскан саясатыңар карапайым калкты кошо жүдөттү. Эки төңкөрүштү баштан өткөргөн эл сабырдуулук менен мамиле кылып атат. Унчугуп, үн ката элек. А мурунку ажонун аракети боюнча сөз айтсак, жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап. Бизди кимдин колуна тапшырып жатканын көрбөй, көзүн ЭГОсу ээлеп, алкымынын ашынганынын кесепети. Бул жолду да эл басып өтүш керек болчу го, кыязы. Күнөөлүү издегенден пайда жок. Жараткандан жалынып, жүрөгүндө жалыны бар жаштар келип, энтелеп турган элди ээрчитип кетет деген илгери үмүт өчпөй турат.

Кайып Шер, апрель баатыры: “Атамбаевди аркандап койсо да тынч жата албайт”

– Алмазбек Атамбаев дартка кабылды. Аны аркандап койсоңор дагы эми тынч жата албайт. Бийлик тактысына болгон кусалыгы аны жолдон чыгарып, урунуп беринип жыйынтыгында өзүнө түйшүк жаратат. Негизи ШОСтун жыйыны болгону турганда жанагинтип будуң-чаң түшүрө сүйлөгөнү Путинге карай сес көрсөтүү десек болот. “Мени унутпагыла”- дегенчелик кылып, оюна келгенди оттой баштады.

Табылды Акеров, саясат таануучу: “Атамбаев Батукаевдин иши боюнча камалып кетпөөнүн амалын издеп жатат”

Экс-президент Атамбаев бүгүн А.Батукаевдин иши боюнча камалып кетпөөнүн амалын издеп, ар түркүн аракеттерге барып жатканы байкалууда. Ошондуктан ал 8-июнда сүйлөгөн сөзүндө бийликти, С.Жээнбековду обу жок сынга алып, тийиштик кылып, кычыктанып жатты. Кыязы, А.Атамбаев А.Батукаевдин иши боюнча камалып кетсе, анда аны “саясий негизде болду” деп сыпаттоо үчүн ушундай жолго барып жаткандай. Ошондуктан, ал куугунтук токтолбосо, Жээнбековдун бийликтен кетүүсүн талап кылабыз деп билдирип жатат. Бирок, ошол эле учурда Атамбаевдин бул жолку билдирүүсү анын таасири таптакыр эле жоголуп баратканын көрсөттү.

Жолдош Орозов, коомдук ишмер: “Мамлекетти элдин ырыскысын уурдаган уурулар туңгуюкка кептеп салышты”

– Эки достун ортосундагы жик муз жарылгандай ажырап, ортосу өтө эле алыстап кетти. Башкача айтканда, касташып кыл чайнашып калышты. Биз кыргыздар өзү кызык элбиз, ээрчиме келет экенбиз, “Ташкенттен саман учуптур” десе ошол жакка кулак түрмөйдү адатка айлантып алдык. Эгер терең ойлонуп ой жүгүртсөк бул эки достун бири-бирине болгон таарынычын мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, аларга элди бөлүп, жаруу интригаларын жасоого өбөлгө түзүүнүн кажети барбы?

Кыргызстанда мерчемдүү бир кландык топтор мамлекеттик бийликти өз кызыкчылыктарына менчиктеп, соодалашып, бир сөз менен айтканда бизнеске айландырып алышканы айгине болуп калды. Албетте, АША өз бийлигин досу аркылуу жүргүзүү иш-аракетин кылбай койгон жок кылды, бирок өзү колдоп бийликке алып келген жандай досу ойт берип, моюн толгоп, тетири карап кетип душманга айланышты. Азыр эл “эки достун таарынычынын аягы эмне менен бүтөт болду экен?”- деп коюп карап олтурабыз. Деги эле эки достун коюп жаткан шоу концертин көрүп, илбериңки ийилип кандайдыр бир кызыкчылык менен үңүлүп турганыбыздын өзү туурабы же мындай жоосунсуз жоруктарды жоюп коюунун жолуна түшүп, мамлекеттик башкаруу тутумун эл өзү колго алышы керекпи?… Азыр бийликтин кумарына канып, бийликти талашып жаткандардын башы оорубай, карапайым калктын башы ооруй турган мерчемге келип такалдык. Бара турган жол жок, анткени мамлекетти элдин ырыскысын уурдаган уурулар туңгуюкка кептеп салышты?… Жол көрүнбөйт, бийлик башындагылар өз арбайларын согушууда. Башкача айтканда, Кыргызстандын прогрессивдүү өнүгүү жолун аныктай албаганын түшүнүп бүттүк. Алардан пайда жок. Демек эл өзү мамлекеттик кызыкчылыкты эки достун кызыкчылыгынан жогору коюп, өз келечеги үчүн улуттук стратегиялык багытты колго алуусу шарт. Эгер эл өзү дардаңбайларды чардаңдатпай, чекит койбосо, ойноктоп ойноп турган жеңил ойлуу кейипти кийип каларыбыз турган иш. Бийлик үчүн кандан бектен кайра тартпаган эргулдардын жоруктары дагы алдыда, кимиси кимисин жайлайт болду экен деген кайдыгер мамиленин токтотуп, келечегибиз үчүн өзүбүз аракеттенели бурадарлар.

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: