Menu

Сот департаментинин соо эмес жетекчилери: Ибраимов менен Капаловдун кылмыш иштери

Бөлүшүү:

Иштен алынган Рустам Ибраимов мамлекетке  50 миллион сом зыян келтиргенби?

Сот департаментин бир канча жылдан бери жетектеп келген Рустам Ибраимов кызматтан алынды. Бул жигит аталган департаментте өзү каалагандай иштеп, бир катар мыйзам бузууларга жол бергендиги үчүн ЖМКлар тарабынан көп сынга алынып келген. Маселен, кызматтык унааларды сатып алууда тендердеги “теңин бер” сыяктуу схемаларды ийгиликтүү ишке ашырып, сот имараттары үчүн керектүү жабдыктардын басымдуу бөлүгүн өз баасынан кыйла жогору сатып алууга жол бергени ачыкталган. Маселен, 60 миң сомдук компьютерлерди 190 миң сом деп кириштеген. Ал тургай 10-15 сомдук калем саптарды 100 сом деп кириштеген учурлар да катталган. Ал эми Биринчи Май райондук сотунун имаратын оңдоп-түзөө маселесинде 5-6 миллион сомдун изи чыкпай калган. Ибраимовдун тушунда мындан башка да ири көлөмдөгү уурдоолорго жол берилип, жалпысынан мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмү 40 миллиондон 50 миллионго чейин чапчый турганы айтылууда. Учурда Ибраимовго 3 кылмыш иши козголгон. Анын бири айтылуу Манас Арабаевдин кылмыш ишине байланыштуу экендиги тууралуу удаа маалыматтар бар. Себеби, Ибраимов өткөн бийликтин тушунда Арабаевдин командасында ийгиликтүү иштеген фигуралардын бири.

Кылмыш козголгон Капалов “майлуу” кызматка келди. президент билеби?

Ибраимовдун ордуна Сот департаментинин директору болуп Капалов Кубанычбек дайындалды. Бул адамдын эмгек жолу 2005-жылы башталган. 2014-жылга чейин университеттерде окутуучулук кызматтарда иштеген. 2014-жылы Сот департаментинин Ош облусундагы башкармалыгында башкы адис, ошол эле жылы аталган департаменттин Талас облусундагы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. 2016-жылы апрель айында Сот департаментинин Чүй облусундагы башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган, ошол эле жылы ноябрь айынан бери Жалал-Абад облусундагы башкармалыктын башчысы болуп иштеп жаткан. Аны бул кызматка Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева өзү сүрөп, алып келгени айтылууда. Бирок иттин өлүгү мына ушул дайындоодо жатат. Эмнеге дегенде Капаловго Таласта иштеп турганда Кылмыш жаза кодексинин 304, 306-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Мамлекетке келтирилген чыгым 1 миллион 288 миң сомдун тегерегинде болгон.

Бул кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө. Эми бул кылмыш ишинин чоо-жайы тууралуу окурмандарга айта кетели. Капалов 2014-жылдын ноябрь айында Талас областтык райондор аралык сотунун имаратын капиталдык ремонт кылууга тендер жарыялаган. Ал тендерге катышкан “Бакыт” курулуш фирмасы 4 млн. 412 миң сом сунуштаган. Ал эми “Таштан” курулуш фирмасы болсо 5 млн. 700 миң сом сунуштап, тендердин жеңүүчүсү болуп чыккан. Ошондо жогоруда айткандай мамлекетке келтирилген чыгым 1 млн. 288 миң сом. Бирок арадан 5 жылдай убакыт өтсө да, Капалов эч бир күнөөсү жок адамдай кызматтан кызматка көтөрүлүп келет. Ошондо ага козголгон кылмыш иши жең ичинен кыскарып кеткенби, же сары майдай сакталып, сүрсүп, токтотулуп турабы? Бул маселеге Башкы прокуратура кандай жооп берет? Андыктан укук коргоо органдары Капаловдун кандай былыктары болсо, ошонун баарын катпай ачыктап, болгонун болгондой кылып маалымат бериши керек. Негизи, төрайым Калиева Сот департаментине кимди алып келгенин, анын иштеген иштеринде кандай кемчиликтер болгонун, жогоруда айтылган маалыматтардын калк арасында калкып жүргөнүн билеби? Же билип туруп, эле дайындап салдыбы? Балким, ортодо башка бир кызыкчылыктар да бар болуп жүрбөсүн? Баарынан кызыгы, сот системасын өзү көзмөлдөп, реформа жүргүзүп жаткан президент Жээнбековго ушул маалыматтар жетеби? Же Калиева баш болгон жан-жөкөрлөр президентти элге уят кылып, аброюн азайтууга аракет жасап жатышабы? Айтор, капсалаңдуу Капаловдун “кара жолго” баскан кадамдары менен ал жолдон “эч булганбай” чыгып кетүү амалдары тыкыр текшерүүгө алынышы зарыл. Болбосо, бул кадр деле Рустам Ибраимовдун жасаган жаман иштерин улантпайт деп ким кепилдик берет. Албетте, эч ким кепилдик бере албайт…

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: