Menu

Келдибек Ниязов, куудул: “Жамбыл үкөм, Ваше лицо мне не нравится!”

Бөлүшүү:

Бишкектеги Келдибек акесине Оштон Жамбыл үкөсү телефон чалат:

—Келдибек аке, жашоом бүтүп калган окшойт, акыл айтыңыз?

—Эмне дейт, жайыраак түшүндүрчү?

—Кечээ үйдөгү суу түтүгүбүз жарылып чуркаган бойдон сантехникке барсам, тааныган эле сантехник минтип жатпайбы: Жамбыл аке бара албайм, колум бош эмес, экинчиден сиздин лицоңуз мне не нравится дейт, эмнеге десем, айтпай каткырып күлүп эшигин жаап алды. Ачуум аябай келип, түз эле мэрге барсам, эшик алдындагы милийсасы сизди чоңго кийире албайм, анткени сиздин рожаңыз мне не нравится дейт. Энеңди урайын, рожаны азыр силерге көрсөтөм деп, түз эле аркы башындагы Ош облусунун жетекчисине кирип барсам, баары сүйлөшүп алганбы, милийсасы: Жамбыл аке жакшылык менен кетип калыңыз дейт. Эмне болуп атасыңар? – десем, бизге сиздин кебетеңиз очень не нравится дешип каткырышат. Кебетемди күзгүдөн карасам, баягы эле Жамбылмын. Жиним келип облмилийсага барсам, баягы эле сөздү айтышып каткырышты. Жинденип жүрүп орто жолдогу чайханага кирип бир чайнек чай ичип алайын десем, чайханачы да не нравитсяны айтып жатпайбы. Ачуум шакардай кайнап, үйгө барып кийинип паспортумду алып түз эле Бишкекке Мухаммедкалый Абылгазиевдин өзүнө кирип тигилердин энелерин Үч-Коргондон көрсөтөйүн деп эшиктин коңгуроосун бассам, Сайра чыгып кайда жүрөсүң, сантехник кана, темселеген чал, бүгүнтөн баштап сенин өңүң бизге не нравится деп эшикти жаап алса болобу. Заматтын ортосунда жер астын-үстүн болуп кан басымым таз башымды тээп өлгүм келди, мечитке барып молдого жаназамды окутуп Мыктыбек айткандай халал болуп өлөйүн деп, мечитке барсам молдоке Ваше лицо мне не нравится, ошондуктан сага жаназа жүрбөйт дебеспи. Ушундан көрө Ак-Буурага агып өлөйүн деп сууга барсам, суудан дагы ошол сөздү укпадымбы. Кой деп өзүмдү өзүм токтотуп Сулайман тоонун алдындагы көрүстөндө көптөгөн байлар өзүлөрүнө, аялдарына жерди сатып алышып ичин казып үстүн плита менен жаптырып койгондорун көрүп уккам. Ошол даяр көргө кирип өлөйүн деп түн катып баягы даяр көрдүн плитасын жылдырсам ары жактан үн чыкса болобу: Жамбыл бул жактан тез кетип кал, бизге сенин лицоң не нравится деген… Бир тууган акемдей кишисиз, акылыңызды айтыңыз.

Жамбыл үкөм, Ошко не нравится болсоң, тезинең Чүйгө кел, бул жакка сен нравится элесиң деп Келдибек акеси телефонун өчүрүптүр.

Келдибек Ниязов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: