Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдагандай, Кайгуул милициясы кызматына сынакка катышкан талапкерлерди 17-июнда саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында (Бишкек ш., Валиханов көчөсү 1а/1) тестирлөөгө күтүшөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Сынактын катышуучулары тестирлөө үчүн алдын ала «ДЕМИР БАНК» ЖЧК 1180000058426340 эсебине 200 (эки жүз) сом төлөөгө тийиш. Төлөмдүн багыты: ЖРТ боюнча тест үчүн.
Талапкердин жанында паспорту (же башка өздүгүн аныктаган күбөлүк) жана ЖРТ тест үчүн төлөмдүн дүмүрчөгү болушу керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ