Menu

Видео – Президент Сооронбай Жээнбековдун КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келген Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Сооронбай Жээнбеков жана Си Цзиньпин Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Ошондой эле эки Мамлекеттер башчыларынын астында Ардактуу кароол Ротасынын салтанаттуу жүрүшү өттү.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы кеңири курамдагы жолугушууга багыт алышты.

Мамлекет башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

КЭР Төрагасынын мамлекеттик визитинин алкагында бүгүн Бишкекте кыргыз-кытай бизнес-форуму өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: