Menu

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев «Project C.U.R.E.» уюмунун президенти менен жолукту

Бөлүшүү:

2019-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев «Project C.U.R.E.» уюмунун президенти Дуглас Джексон мырза менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен «Project C.U.R.E.» уюмунун ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Тактап айтканда, Элчи Б.Отунбаев Д.Джексонго жаңы саламаттык сактоо объекттерин куруу, ошондой эле лабораторияларды өркүндөтүү үчүн мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Ошол эле учурда, медициналык мекемелер үчүн жаңы жабдыктарды жана жабдууну сатып алууга каражаттын жетишсиздигине көңүл бурду. Ушуга байланыштуу, Элчи Б.Отунбаев кыргыз тараптын «Project C.U.R.E.» уюму менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыгын билдирип, Д.Джексон мырзаны Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырды.

«Project C.U.R.E.» уюмунун Президенти Д.Джексон өз кезегинде чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн медициналык мекемелерине жардам берүү долбоорлор боюнча Кыргызстан менен кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы келечекте саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү бир катар долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: