Menu

Алтынбек Сулайманов, “Бир Бол” фракциясынын лидери: “Биз эркибизди көрсөтө албай келебиз”

Бөлүшүү:

– Алтынбек Турдубаевич, кандай деп ойлойсуз, эгер экс-президент Алмазбек Атамбаев камалып калса, бул өлкөдөгү туруксуздашууга алы келиши мүмкүнбү?

– Биз негизинен экономика, чарба иштери менен алек болушубуз керек эле. Бирок, энергиябызды башка жактарга жумшап жатабыз. Экс-президент «мамлекет алдыга жылбасын» дегендей аракеттерди кылууда. Көнгөн адаты боюнча митинг өткөрүп, чакырыктарды таштап… Бул такыр туура эмес. Башка экс-президенттерди көрүп атпайбызбы. Мисалы, Роза Исаковна башка иштер менен алек. Мамлекетке зыянын тийгизбей, пайдасын тийгизиши керек. Атамбаев болсо экс-президент деген статусун көтөрө албай, ызы-чуу салганга аракет жасоодо. Биз буга жол бербешибиз керек. Мындай «сокур ичегелерди» кесип салуу зарыл.

– Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрү боюнча кылмыш ишин козгоого негиз барбы?

– Сүйлөгөн сөздөрүндө эмес, алты жылдык жасаган иштеринде негиз бар. Бир убакта Өмүрбек Чиркешович бул боюнча маселе көтөрүп, бирок парламенттен колдоо таппай калган. Парламент өзүбүздүн эркибизди көрсөтө алган эмеспиз.

– Эгер Атамбаев унчукпаганда азыркы иштер ачылбай калат беле?

– «Унчукпаганда ачылбай калат эле» дегенден алысмын. Бирок, мынчалык ызы-чуу болбойт эле…

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 − = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: