Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпин ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү тууралуу Биргелешкен декларацияга кол коюшту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 13-июнда Кыргызстан менен Кытай ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүү тууралуу Биргелешкен декларацияга кол коюшту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн эки мамлекеттердин башчыларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлду:

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциясы менен КЭР Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргызстандан Кытай Эл Республикасына сүт азыктарын экспорттоо боюнча Протокол;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция менен КЭР Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы балды экспорттоо боюнча Протокол;

– КЭР Сапатты көзөмөлдөө жана карантин боюнча Башкы башкармалык менен КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ортосундагы алчаны экспорттоо боюнча 2017-жылы кол коюлган Протоколго өзгөртүүлөрдү киргизүү;

– КЭР Башкы бажы башкармалыгы менен КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасына буудай унун экспорттоо үчүн фитосанитардык талаптар жөнүндө Протокол;

– КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен  КЭР Айыл чарба жана элет иштери министрлигинин ортосундагы 2019-2021-жылдарга айыл чарба чөйрөсүндө кызматташуу Планы;

– КР Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы менен КЭР Коомдук коопсуздук Министрлиги ортосундагы экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар менен күрөшүү боюнча кызматташуу тууралуу Макулдашуу;

– КЭР өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча министрлиги менен КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу жаатында кызматташуу тууралуу Меморандум;

– Метеорология жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу;

– КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен КЭР Интеллектуалдык менчик боюнча Улуттук башкармалык (CNIPA) ортосундагы өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандум ;

– КР ИИМ үчүн техникалык-материалдык жардам берүү тууралуу өткөрүп берүү жана өткөрүп алуу Актысы;

– КР Экономика министрлиги менен КЭР коммерция министрлиги ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу Меморандум;

– КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттик менен КЭР коммерция министрлиги ортосундагы инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо, инвестициялык кызматташтык жана өнөр жай кызматташтыгы боюнча иш тобун түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум;

– Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү долбоорун (2-фаза) ишке ашыруу жөнүндө Протокол;

– КР Өкмөтү менен КЭР Өкмөтүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам берүү жөнүндө Макулдашуу;

– “Ичүүчү таза сууга жетүү” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо жөнүндө КР менен КЭР ортосунда каттарды алмашуу;

– КР Ош шаары менен КЭР Шэньси провинциясындагы Сиань шаары ортосунда бир туугандык байланыштарды орнотуу жөнүндө Меморандум;

– Ош шаары менен КЭР Гуандун провинциясындагы Фошань шаары ортосунда бир туугандык байланыштарды орнотуу жөнүндө Макулдашуу;

– Ош шаары менен Хэбэй провинциясындагы Шицзячжуан шаары ортосунда бир туугандык байланыштарды орнотуу жөнүндө Макулдашуу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: