Menu

Турат Мадылбеков, коомдук ишмер: “Батукаевди качыргандар – Атамбаев, Салянова, Усманова, Атаханов, Сагынбаева, Рысалиев, Нарымбаев, Табалдиев, Акун ж.б.”

Бөлүшүү:

Акыркы кезде Кыргызстанда бир топ орчундуу окуялар болуп, ал окуяларды коомчулук катуу талкуулап жатат. Мисалга алсак, «бажагейттен» баштап «Батукаевгейтге» чейин. «Аягы эмне болот, кимге барып такалат, чечен бандитинин аркасы менен бир кездеги өлкөнү башкарып тургандардын баары камалабы?» деген ар кыл суроолор жаралууда. Биз бул боюнча коомдук ишмер Турат Мадылбековдун пикирин угуп көрдүк.

– Турат мырза, бүгүнкү күндө Батукаевдин айланасында бир топ чоң чиновниктер камалып, алды тергөө менен дагы кызматташып, ачыктаганга бет алыштыбы? Сиздин оюңузча, дагы кимдер камалышы керек?

– Батукаев маселеси көп жылдан бери кыргыз элинин кыжырын кайнатып келген болчу. Анткени, бул чечен ГСИНдин башчысы Полотовду, ЖК депутаты Акматбаевди, ЖКнын эки кызматкерин мыкаачылык менен өлтүргөнү боюнча жана анын колунан 5-6 чиновник өтө оор жаракат алышып, көп убакыт төшөктө жатып калышкан. Мына ошондой адамды Кыргызстандын экс-президенти Атамбаевдин көрсөтмөсү менен башкы прокурор Салянова, орун басары Усманова, вице-премьер-министр Атаханов, саламаттык сактоо министри Сагынбаева, ГСИНдин ошо кездеги башчысы Рысалиевдер коррупциялык схеманы түзүшүп, 10 миллион доллар алышып, ар бири өзүнүн милдетин аткарышканы жалганбы? Андан тышкары, бул ишке кыйыр түрдө көмөк көрсөткөн адамдарды кантип жашырабыз? Алар президенттин мурунку аппарат жетекчиси Нарымбаев, коопсуздук кеңештин башкы катчысы Табалдиев жана акыйкатчы Турсунбек Акун ж.б. Бүгүнкү күндө тергөөнүн жүрүшүндө айтылган-делгендер четинен далилденип отурат.

– Жогорудагы адамдардын 10 миллион доллар алганына ишенесизби?

– Ишенем, анткени, көп жылдан бери чоң көлөмдөгү акча сунуштап, Батукаевди чыгарып кетүү аракетин кылып, акыры Атамбаевдин тушунда иш жүзүнө ашкан. Буга далил катары жогоруда аттары аталган адамдардын байлыктарын текшерсе эле чыгып калат. Алардын байлыктарын көзү сокур, дүлөй адам эле билбей калбаса, көпчүлүк эл жакшы билет. Бул боюнча укук коргоо органдары текшерип, сөзсүз түрдө «мыйзамсыз байыган» деген берене менен иш козгоп, керек болсо, алардын званиечиндерин да алып салуу керек. Анткени алар коррупционер, чыккынчы адамдар катары сүрөттөлөт…

– Тагыраак айтып берсеңиз, жогоруда чоң чиновниктер Батукаевди качырууда кандай кызмат кылышкан?

– Бул чиновниктер Атамбаевсиз коррупциялык схеманы түзө алмак эмес. Булар амбициясы күчтүү, кайнаса каны кошулбай турган адамдар. 2013-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп турганымда, бул окуя боюнча дыкат текшерилип, «отузга жакын чиновниктер, ж.б. кызматкерлерге чара көрүлсүн» деп токтом чыккан. Атамбаев мындай чоң окуяга өз оюн айта алган эмес. Анткени, бул ишти өзү уюштурганы эми байкалып атабы? Ал эми Салянова «баардыгы мыйзамдуу» деп өз убагында иш козгомок тургай, аны каалаган да эмес. Себеби, өзү, орун басары Усманова менен качыруу схемасына катышкан. ГСИНдин чоңу Рысалиев кечиримсиз кызмат кылып, аны одоно из калтыруу менен менен аткарган.

– Мисалы?

– Батукаевге мыйзамсыз паспорт берүүгө, «катуу оорулуу» деген медиктердин жыйынтык-корутундусу, о.э. сотко мыйзамсыз сунуш берүүнү уюштурган. Андан тышкары, Рысалиев өзүнүн кеңешчиси Качкыналиев ГСИНдин спецназынын жардамы менен кызмат абалынан пайдаланып, «Манас» аэропортунда эки суткадан бери күтүп турган жеке менчик самолетко салып, кол булгалап коштошкону эмнени билдирет?! Ошол учурда Рысалиев өзү дагы аэропортто болуп, командировать этип турган. Тергөө учурунда Качкыналиев, ГСИНдин үч медкызматкери, Нарын СИЗОсунун үч жеткечиси ж.б. спецназдар Рысалиевдин мыйзамсыз кылган иштери боюнча көрсөтмө беришти (!) деп ойлойм. Ошол себептен Рысалиев тергөөгө чакырылганда коркуп кетип, келмеси оозунан «ыргып кетти».

– Эмнеге «ыргып кетти»?

– Ал ойлогон да, «кызматкерлери көрсөтмө бербейт, Атамбаев бизди коргойт» деп. Ошол себептен тергөөгө чакырылганга чейин интервьюларды бергенде бекем сүйлөп, баатыр болуп жүрбөдү беле? Коомчулук кечээ эле Атамбаевге, Саляновага жана Рысалиевге ишенишкен, «кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүүдө ийгилик болот» дешип. Анткени, алар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маектеринде өздөрүн ошондой кылып көрсөтүп келишкен. Бирок, убакыттын өтүшү менен беткаптары чечилип, нагыз жүздөрү көрүнүп калды. Ага жалпы кыргыз эли күбө болуп отурат. Баягы «мактаган кыз тойдо осурат» болуп. Буларды мактап-жактап, айга-күнгө теңеп жүргөн «шафкалар» эми эмне дейт болду экен?!

– Билесизби Туке, «Батукаевди атып кетмек» деп жатпады беле?

– Рысалиев коомчулукту алдап жатат. Биринчиден, андай маалымат жок болчу. Экинчиден, эч кимге тийгизбей узатуу Рысалиевдин иши эмес. ИИМ менен ГСИНдин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде түрмөдөн бошоп жатканы боюнча ИИМге милдеттүү түрдө маалымат бериш керек эле. Тескерисинче, ИИМдин башкармалыгынын жетекчиси Мамбеталиев Рысалиевге жолугуп, «Батукаевди кармап, профучетко коёбуз» деп сүйлөшсө, «сен бул ишке кийлигишпе, бул менин ишим» деп бербей койгону кандай? Рысалиевдин жогору жактан алган тапшырманы так аткарууга умтулуусун далилдейт да…

– Атамбаев, Рысалиевди эмнеге камабай жатышат?

– Мен ойлойм, буларды жакын арада камайт. Себеби, көп далилдер бар. Эгер камабаса коомчулук нааразы болуп, митингге чыгышы мүмкүн. Экөөнө тең сунуш берет элем: аялзатын каматып коюп, эркиндикте жүргөнүңөр эркектик касиетке жатпайт. Юбканын артына жашынбагыла!

– «Бирөө союп, экинчиси жиреп» дегендей…

– Биринчиден, мүнөздөрүнүн окшоштугунда, Атамбаев менен Рысалиев экөө тең калпты чындай кылып элге ишендирүүсүндө. Экөө тең мактанчаак. Сүйлөгөн сөздөрү элдир-селдир. Кресло үчүн жакын адамдарын сатып кете беришет. Максаттарына жетиш үчүн эң кир ыкмаларды колдонушат. Көп кишилердин убалына калышты. Булар адам кейпиндеги шайтандар дээр элем.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: