Menu

Видео – Кубан Мамбеталиев, саясат талдоочу: “ШКУ (ШОС) башталганда дүйнө анча көңүл бурган эмес, бирок азыр Америка, Европа чочулап жатат…”

Бөлүшүү:

“ШКУ (ШОС) жаңыдан түзүлө баштаганда БУУ (ООН) сыяктуу дүйнөлүк уюмдар буга көңүл бурган эмес. Бара-бара эч нерсе чыкпай, тарап кетет деп ойлошкон. КМШ, ОДКБ, Евразес сыяктуу жарым жан уюм болот деп эсептешкен”, – деп билдирди бүгүн, 13-июнда саясат талдоочу, профессор Кубан Мамбеталиев Бишкекте өтүп жаткан ШКУнун саммити боюнча комментарий берип жатып.
“Бирок ШОС жылдан-жылга, жыйындан-жыйынга өсүп-чоңоюп, күч алып келатат. Ошондуктан азыр Бишкектеги ШКУнун саммитине БУУнун атайын өкүлү келип катышып жатат. Демек алар биринчиден көңүл бура башташташты, экинчиден чочулап жатат. Анткени ШКУга Иран кирем деп жатат. Индия менен Пакистан алгач байкоочу болуп жүрүп, акыры алар да ШКУга кирди. Бул Американы чочутту, себеби Индия менен Пакистан өзөктүк, атомдук куралы бар өлкөлөр. Өзөктүк куралы бар өлкөлөрдүн клубуна кирге мамлекеттер. Иран да ошондой өлкө. Анын үстүнө Иран азыркы учурда Американын биринчи душманы болуп жатат… Эртең Бишкекте Иран ШКУга кириши мүмкүн, эртең бул маселе каралат. Эгер оңуна чечилип, Иран ШКУга кирсе бул чоң тарыхый кадам болот. Чоң жаңылык болот. Акыры кирет дечи. Анан Түндүк Корея бар, алар да кызыгып жатышат, алар да өзөктүк куралы бар өлкө. Андан башка өзөктүк клубга кирген Британия, Франция, АКШ – үч эле мамлекет калып жатат. Ошондо дүйнөнүн калкынын жарымы – 3 млрд эли бар өлкөлөр ШКУга кирип жатышат. Кытай, Россия, Индия, Пакистан 4 мамлекет – дүйнөнү жарымы биригип жатпайбы. Ошондуктан дүйнө чочуп жатат. ШКУнун саммити бизден өтүп жатканы жакшы, эң туура. Анткени биз бул өлкөлөрдүн ортосунда турабыз. Кытай менен Россиянын, эки чоң мамлекеттин ортосунда турабыз…”, – деди профессор Кубан Мамбеталиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: