Menu

Атамбаевди медициналык экспертизадан өткөрүш керек

Бөлүшүү:

8-июнь күнү митинг уюштуруп, парламентти “чимкирик” деп айткан мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүнө катуу териккен депутаттарга жан кирип, өз жоопторун айтышты. Экс-президенттин сөздөрү карандай калп экенин депутаттар тактаганга аракет кылбаса деле, уккан киши дароо эле түшүнгөн. Анын бул кылыгы Сооронбай досуна кекенип, өч алуу үчүн жасаган аракети экени көрүнүп эле турбайбы. Камоолордун кезеги өзүнө келип калганын жарыктык киши сезбейт дейсиңерби? Жакын арада колуна кишен салынып, жумшак жаткан Кой-Таштагы хансарайынан Күн тийбеген караңгы камерага кетерин жон териси менен сезип, жатып өлгүчө, атып өлөйүн деген жандалбасы да…

“Чимкирикке” чычалаган депутаттар экс-президенттин кол тийбестигин алуу боюнча комиссия түзүп, ошол күнү эле 40 депутат макул деп кол койсо, бул тизме эртеси күнү 60 депутатка чыкты. Демек, парламент кийинки жума мурунку президентти кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун бериши мүмкүн. Атамбаевди 6 жылдык башкаруусундагы кетирген “косяктары” камоого негиз берет. “Косяктары” да толтура. 2011-жылдан 2017-жылга чейинки аралыкта элге, мамлекеттүүлүккө қаршы мыйзамсыз аракеттер, экономикалык кылмыштар, коррупция, мамлекеттик түзүмдү талкалоо, бийликти узурпациялап алууну эле алсак жетиштүү болот. Мындан Атамбаев дагы качып кутула албайт.

Азыр экс-президентке тиш салчулардын саны арбын. Кечээ эле жанында жүрүп, көзүнүн кареги менен тең айланып, оту менен кирип, күлү менен кошо чыгууга даяр болгондор, бүгүн өздөрүн баатыр сезүүдө. Эми аларга айла жок дейбиз да… Булар Атамбаев азыр камалса деп алакандарын ушалап олтурат, андан жабыр тарткан адамдай болуп. Куугунтук көргөн адамдар булардын көлөкөсүндө калып кетишти…

Анткен менен Атамбаев өлкөгө кылган кыянаттыгы үчүн өз жазасын алышы керек. Тарых дагы ушуну талап кылат. Экс-президент өз жазасын алса, кийинкилерге сабак болуп калмак. Бирок, азыркы бийлик Атамбаевди камай алабы? – деген суроо дагы кабыргасынан коюлуп турган учур да. Камоого алса өздөрү уят болуп калбайбы? Атамбаев камалса бийликти гана эмес, бүтүндөй кыргыз элин уят кылсачы? Кантип? – деген суроо жаралып жатабы? Мунун да жообу бар…

Атамбаев менен жакын санаалаш, дос болуп жүргөн Туйгунаалы Абдраимов деген медицина илимдеринин кандидаты болгон адам “Кыргызстандын бийлигинде эки шизофреник болсо, анын бири – Алмазбек Атамбаев” деп 2011-жылы Феликс Куловдун кабинетинде айтканын маалымат каражаттары жазып чыгышкан. Шизофреник – бул психикалык жактан жабыркаган адам. Медициналык билими бар адам Атамбаевди психикалык жактан жабыркаган оорукчан адам деп жөн жерден диагноз койбосо керек. 8 жылдан бери Атамбаевдин ойду-тоону сүйлөгөн сөздөрүнөн эле кыргыз эли ушул диагноз чын экенине ишенди. Башкы прокуратура Атамбаевдин кол тийбестигин алуу менен кылмыш ишин козгоп, аны камап, күнөөлөрүн далилдеп, ишти соттук кароого жөнөтсө, экс-президент сот залынан дүйнөлүк коомчулукка кайрылып “Мына, менин психикалык жактан оорулуу деген справкам бар. Кыргыз бийлиги бул справкага карабай оорулуу адамды соттогону жатат…” деп кыйкырса Кыргыз мамлекетинин жүзү эмне болорун элестете бергиле. Кыргызстанды психикалык оорукчан адам башкарган деп дүйнөгө шылдың болобузбу? Ошондуктан, Туйгунаалы Абдраимовдун айтканына көңүл буруп, Атамбаевди алгач экспертизадан өткөрүп алган оң. Акыл-эси жайында адам 8-июндагыдай сөздөрдү сүйлөбөйт болчу. Азыр анын справкасы бар дегенге көбүрөөк ишеним болууда.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: