Menu

Аида Исмаилова, “Республика – Ата Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Сагинбаеванын үстүнөн прокуратурага арыздандым, эми АКСке кайрылам”

Бөлүшүү:

-Аида Жекшенбаевна, кабарыңыз барбы, улуттук госпиталда эмне болуп жатат?

– Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылгандан кийин жумушка чыгып, өзү жетектеген улуттук госпиталда реорганизация жасоодо. Бул туура эмес. Реорганизация жүргүзүү үчүн экономикалык ар кандай анализдер керек. Ошондон кийин реорганизациябы, же башка реформабы, жүргүзсө болот. Бирок, бул улуттук госпиталь. Бүт Кыргызстан боюнча бейтаптарды кабыл алат. Башкалар аны кеңейтип кошумча каражат бөлүшөт. Бизде болсо кеңейткендин ордуна кайра кыскартып жатышат.

– Мыйзамда «үй камагына чыккан киши мындай же тигиндей иштерди кыла албайт» деген чектөөлөр барбы?

– Батукаевдин иши аябай чуулгандуу чоң иш. Туура эмес диагноз койгону үчүн врачтар камакта отурбайбы. Анда эмне үчүн тармакты башкарган министр үй камагына чыгып, жанагындай иштерди жасоодо? Эл нааразы болуп, бизге кайрылып жатышат. Мен бул боюнча прокуратурага арыздандым. Эми АКСке кайрылам.

– Ага карата баш коргоо чарасы өзгөрүлүшү мүмкүнбү?

– Балким. Иликтөө жүрүп аткан учурда ал жумушка чыкпашы керек болчу.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: