Menu

Видео – ШКУга мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн искусство чеберлеринин “Улуу достуктун кербени” гала-концерти

Бөлүшүү:

2019-жылдын 13- июнунда Бишкек  шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн искусство чеберлеринин “Улуу достуктун кербени” гала-концерти болду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Гала-концертке КыргызРеспубликасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жана Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга келишти.

Эске салсак, 8 өлкө ШКУ мүчөсү болуп саналат. Алар: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ: Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 67 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: