Menu

Марлис Курманов: “Менин нөөмөтүм учурунда Батукаевдин бир тууган агасы түрмөдө өлтүрүлгөн”

Бөлүшүү:

– Марлис агай, сиз Союз учурунда Кыргызстандагы түрмөдөн мыйзамдагы ууру бошогулган учурда ошол жерде иштеген экенсиз. Окуя кандайча болгонун айтып берсеңиз?

– Түркмөн улутундагы мыйзамдагы ууру биздин колонияга 1986-жылы апрель айында келген. Август айында бошотулган. Ошол күнү колониянын начальниги баарыбызды чогултуп, инструкция боюнча түшүндүргөн. Мыйзамдагы ууруну оперативдик иштер боюнча орун басар Тахир Зайнулин менен Зарылбек Рысалиев коштоп бара турганын айткан. Түрмөдө олтурган зектер “Биздин мыйзамдагы ууруну бошоткула” деп кыйкыра баштаган. Абалды жөнгө салып, мыйзамдагы ууруну атайын бөлүмгө алып барышкан. Мыйзамдагы ууруну тосуп алчулар 3 машина менен 3 күн мурун келишкен. Бошоп жаткан мыйзамдагы ууруга деп “Волга” маркасындагы жаңы машинаны алып келишкен экен. Мыйзамдагы ууру бошоп жатканда толтура милиция кызматкерлери келишкен. Жеке өзүм МАИ кызматынын 4 машинасы келгенин санагам. Бизди сыртка чыгарган эмес. Түрмөнүн ичиндеги абалды көзөмөлгө алып тынч кармап турганбыз. Мыйзамдагы ууру бошогондон кийин МАИ кызматынын машиналары коштоп жүргөн.

– Кайсыл жакка чейин коштоп барышкан?

– Биздин өлкөнүн аймагынан чыкканга чейин коштоп жүрүшкөн. Зайнулин келип биздин көзүбүзчө начальникке маалымат бергенде Чалдоварга чейин коштоп барып, Казакстандын милиция кызматкерлерине өткөрүп бергенин укканбыз. Биз ага чейин түрмөнүн ичин көзөмөлгө алып турганбыз. Мыйзамдагы ууру түрмөдөн бошотулуп, өлкө аймагынан чыгып кеткен учур аз катталат. Ал түрмөлөрдө ЧП кылбаш үчүн сөзсүз коштоп жүрүү керек. Батукаев дагы мыйзамдагы ууру болгондуктан, ал өлкөдөн чыгып кеткиче, көзөмөлгө алуу туура чечим болгон.

– Батукаевдер тууралуу кандай окуяга катышкансыз?

– Нөөмөт бөлүмүндө иштеп жүргөнүмдө менин нөөмөтүм учурунда Азиз Батукаевдин бир тууган агасы өлтүрүлгөн. Ага өзүнүн жээни катышкан.

– Сиз кайтарган түрмөдө чечен улутундагы Казбек дагы олтурган экен. Ал турмөдө ким болгон?

– Казбек жаш бала эле. Ага карабай түрмөдө положенец болгон.

– Азиз Батукаевди качан көргөнсүз?

– Аны 1999-жылы көргөм. Анда 27-колонияда олтурган. Биз ал жактан 100 кишини алып кеткенбиз. Мени начальник өзү кабыл аласың деп жөнөткөн. Ошондо Азиз Батукаев менен сүйлөшкөм. Ал мыйзамдагы ууру болчу. “Силерде турмуш кандай?” деп сураган. Баары жакшы деп айтып бергем.

Маектешкен: Т.Токтоболотов

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: