Menu

Видео – Канат Исаев: “Өзүнүн бир тууганына жакшылык кылбаган Алмаз Атамбаев кыргыз элине жакшылык кылабы?”

Бөлүшүү:
-“Президентсиз Батукаевди эч ким бошото алмак эмес” дедиңиз. Бул сөзүңүздөн улам, “кримтөбөлдү бошотууга түздөн-түз Атамбаев көрсөтмө берген” деп түшүнсөк болобу?
– Көптөрү Шамил Атахановго, Зарылбек Рысалиевге шылтап жатышат. Атаханов күч түзүмдөрүн гана көзөмөлдөгөн вице-премьер болгон. Анын сот, прокуратура же саламаттык сактоо органдарын көзөмөлдөп, аларга тапшырма бере турган укугу жок болчу. Бул жерде сот, прокуратура, саламаттык сактоо министрлиги, акыйкатчы, ГСИН, УКМК, ИИМ, МКК – баары биригип бошотуп, бир күндө паспорт алып беришкен. Эркиндикте жүрүп биздин бир күндө паспорт алганга мүмкүнчүлүгүбүз жок. Алар ишти тез арада, биргелешип жасагандан кийин, демек, мындай операцияны уюштуруу президенттин гана колунан келет. Буга далил: Текебаев «Батукаевди актаган сот кайра конкурска катышууда» деп президентке расмий кат жөнөтүп атат. Президент болсо элди шылдыңдагансып, «билгениңерди кылып алгыла» деп аны Ош шаарына сот кылып дайындап койду. Эгер Атамбаев чындап эле ак болсо, ошондой кылат беле? Ошол эле убакта бошоткондордун баарын жоопкерчиликке тартмак. Ал болсо бир да адамды жоопкерчиликке тарткан жок. «Мага туура эмес маалымат беришиптир» деп чечимди кабыл алганын өзү мойнуна алып жатат.
– Сиз Атамбаевдин калп сөздөрүн бирден эсептеп бербедиңизби? Ал атайылап калп айтып атабы, же өзүнүн болгон деңгээли ушулбу?
– Деңгээли да төмөн, атайылап да калп айтат. «Мания величия» деп коёт, ал чын ниеттен «мамлекетти гүлдөттүм, элдин жашоо-турмушу өзгөрдү, байыды, ар бир үйдө машина пайда болду» деп ойлойт. Ал эми Батукаев, бажы боюнча элдин башын айлантып, билип туруп калп айтып атат. Премьер-министр болуп турганда Россиянын 123 жаранына тапанча белек кылган. Мындай укук президентте, премьер-министрде, Жогорку Кеңештин төрагасында бар, бирок, сый курал кандай адамдарга берилиши керек? Мисалы, өмүр бою мамлекетке кынтыксыз кызмат кылган генерал болсо, эс алууга кетип атканда берсе болот. Ал болсо Россиянын 120 жаранына, Кыргызстанга келип да көрбөгөн адамдарга берип атпайбы! Арасында спортсмендер, сот жоопкерчилигине тартылгандар, уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү бар экен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча, ар бир тапанчаны жүздөн 200 миң долларга чейин сатышкан. Атамбаев бийликке келери менен киши өлтүрүү боюнча соттолгон адамды Жогорку соттун чечими чыкканына карабастан, түрмөдөн сууруп чыгарды. Ал болсо кыска мөөнөттө пансионат, хансарай куруп, элдин кыжырына тийди. Өмүр бою ишкерлик менен алектенип аткан адамдар да бүгүн пансионат курганга мүмкүнчүлүгү жок. Уюшулган кылмыштуу топтун дагы бир мүчөсүн КСДПнын тизмесине киргизип, депутат кылган. Биз элге, жаш муунга кандай таасир көрсөтүп атабыз?
– Сиздин айтымыңызда, анын «президенттикке шайланганга чейин эле мультимиллионер болчумун» дегени да жалган экен да?
-100 пайыз жалган! 2010-жылкы шайлоодо бирөөлөрдөн карызга акча алган. 2011-жылкы президенттик шайлоодо дагы карыз алган. Анын баарын кыргыз эли билет. Жашаган үйүн көргүлө. Эмне себептен президент болгонго чейин андай хансарай салбайт? Эмнеге президент болгонго чейин жер тилкелерин сатып албайт? Алтынчы апрелде суракка алып кетип атканда үйүн көрдүңөр, сексенинчи жылдары сатып алган жөнөкөй эмеректер турат. Ал «10 миң доллар берчи?», «он беш миң доллар берчи?» деп карыз сурап жүргөн адамдардын баары тирүү. Китебин айтат… Ал болгону китептин беш түрүн чыгарган…
Аттокур Жумаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 94

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: