Menu

Салкынай Алимбаева, саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы: “Жылдыз Мусабекова деген тантык депутат сөрөй өзүнүн деңгээлин көрсөтүптүр”

Бөлүшүү:

“Бул депутат – тантык депутат сөөрөй. Бул депутат сөөрөйдөн алчу, үйрөнчү таш балээ да жок. “Жооругу жолдо калсын” дейт кыргыздарда мындай катын сөөрөйлөрдү… Бул катын менен сүрөткө түшмөк түгүл ээрчишип жанына жолобош керек. Жакшылык тойлорго чакырып батасын ала көрбөгүлө! Жамандан кач дейт го, өзүңө же балдарыңа жооругу, жаманы жугуп калат деп.

Ушуну ким журналист дейт?! Ушуну ким айтат жогорку билимдүү деп?! Алган билимин, ата-энеден алган тарбиясын, деңгээлин, өзү дөөдүрөп кенен түшүндүрүп бериптир. Былжырап, тантырап бир тың кыргыз тилин сүйлөй албайт, башка тилди айтпай эле коёлу. Мындай катындан, Энеден Кудай сактасын!

Өтүп кеткен адамдын арбагын козгоп эмнеси бар бул сөөрөйдүн? Папамдын (кайнатамдын) ылайым арбагы уруп кетсин! Бабырбек Субановичтен, Равшан Бабырбековичтен айланып гана кетсин! Бул адамдардын көз карашы, ой жүгүртүүсү, дүйнөлүк көзкараш. Тантык сөөрөй катын менен бул адамдардын деңгээли, билими, адамгерчилиги асман менен жердей.

Бул катын талаага чыгып, каалашынча сөгүнүп тата-пата деп, тантырап талаада жүрүш керек эле да… Өзүнө-өзү туура мүнөздөмө бериптир. Депутат болуп адашып, темселеп, сүйрөлүп келип иштеп калганын сезип, билип, өзүнүн деңгээлин түшүнүп, деңгээлин билдириптир.”

Салкынай Алимбаеванын (саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы) Facebook социалдык тармагы аркылуу КСДПчы депутат Жылдыз Мусабековага жазган жообу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 81 = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: