Menu

Видео – “Азаттыктын” мурунку 3 журналисти азыркы 1 журналистинин иликтөөсүндөгү маалыматтары калп, документтери жасалма экенин жарыялашты

Бөлүшүү:

29-майда “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов “Миллиондордун изи” аттуу иликтөө жарыялап, анда 2011-2017-жылдарда кытайлык уйгур Айеркен Саймайти Кыргызстандан чет өлкөлөргө банк аркылуу которгон 700 млн долларды Раим Матраимов өлкөдөн чыгарып кеткен деп жарыялаган.

Бирок, бул маалымат коомчулукта дароо шек жаратып, дагы бир блогер Эдил Байсаловдун былтыр 2018-жылы жасаган иликтөөсүн эске салган. Ал иликтөөсүндө Эдил Байсалов азыр Али Токтакунов тизмектеп жаткан Айеркен Саймайти баштаган уйгурлардын баарын Алмаз Атамбаевдин бизнес-өнөктөштөрү деп ишендирген эле. Анда Эдил Байсаловго “азамат!” деп кол чапкандар эми Али Токтакуновго “азамат!” деп кол чаап жатышты.

15-июнда азыр 5-телеканалда иштеп жаткан “Азаттыктын” мурунку иликтөөчү журналисти Элнура Алканова “Миллиондор чуусу: Жасалма документтер жана жаңы фактылар” аттуу фактчекинг жасап, анда “Азаттыктын” Али Токтакунов жасаган “Миллиондор изи” аттуу иликтөөсү жасалма документтер менен калп маалыматтарга таянганын таналгыс документтер менен далилдеп чыкты.  Ал иликтөөнүн кыргызчасын элге мурунку “Азаттыктын”журналисти Шайырбек Эркин уулу өзүнүн 5-телеканалдагы “Апта сереп” программасында, ал эми орусчасын “Азаттыктын” мурунку журналисти Нарын Айып ошол эле 5-каналдагы “Итоги недели” берүүсүндө жарыялашты.

Элнура Алканова иликтөөчү журналист катары бир кезде премьер-министр Сапар Исаковго жана ага афирирленген ишканалардагы коррупциянын бетин ачып, элдин алкоосуна татыган, алтургай дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүнө таанымал журналист. Иликтөө журналистикасы боюнча көптөгөн эл аралык жыйындарга катышып, ал эле эмес, ал жыйындарда башкаларга өз тажрыйбасын үйрөтүп, лекцияларды окуп келет. Ошондуктан Элнура Алканованын кесипкөйлүгү эч кимге шек жаратпаса керек.

Шайырбек Эркин уулу “Азаттыкта” көп жылдар үзүрлүү иштеген тажрыйбалуу журналист катары белгилүү болсо, Нарын Айып “Азаттыктын” гана эмес азыркы кыргыз журналистикасынын корифейлеринин бир катары эсептелет. Ошондуктан “Азаттыктын” мурунку 3 журналисти азыркы 1 журналистинин ишин жокко чыгарган “Миллиондор чуусу: Жасалма документтер жана жаңы фактылар”аттуу иликтөөгө өзүңүздөр күбө болуңуздар.

Видео: 5-канал

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: