Menu

Элнура Алканова, иликтөөчү журналист: ““Азаттыктын” Бишкектеги бюросунун директору Айзада Касмалиева бизди “бирөөнүн күчүгүнө айланып жанын бакканды артык көргөндөр” деп жазды…”

Бөлүшүү:

“Мен “Азаттыктын” “Миллиондордун изи” аттуу иликтөөсүн көрүп жатып, кесибимде үйрөнгөн адатым боюнча Али Токтакунов көрсөткөн документтердин деталдарына көңүл бурдум. Биринчи эле байкаганым – видеотасманын 3 мүнөтүндө Али Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулган акчалардын документин көрсөттү. Ал документтерде Айеркен Сайматинин кытай иероглифи стилиндеги колу турган.  Ал эми видеотасманын 27-мүнөтүндө  Али башка документтерди көрсөттү, анда Сайматинин колу латын стилинде коюлуптур.

Мен ал колдун үлгүсүн кесип алып, Yandex Photoнун издөөчү ресурсуна койдум. Издегич ал кол кимге таандык экенин дароо http://www.spcaflorida.org/blog/ed-corner-august2015/ сайтынан тапты.  Ал кол америкалык жолбун иттерди камкордукка алуучу SPCA Florida фондунун жетекчиси Адам Стенфилдики болуп чыкты. Ал өзүнүн бир ачык катында ушул колун коюп жарыялаган. “Азаттык” аны өзүнүн иликтөөсүндө Сайматинин колу деп ишендирген.

Андан ары дагы башка деталдары чыгып, “Азаттык” көрсөткөн документтер жасалма экенин көрсөттү. Калган документтерин “Азаттык” өз иликтөөсүндө чала чагылдырганы үчүн текшерүүгө мүмкүнчүлүк болбоду.

Кечээ Али Токтакунов биздин бардык суроолорубузду угуп, түшүнүксүз жооп берип, анан бизди “силер бирөөнүн буйрутмасы менен иштеп жатасыңар” деп айыптады. Биз анын бул айыптоолорун аябай жарыялагыбыз келди эле, бирок Али кийин байланышып, биздин сүйлөшүүлөрдүн мазмунун ачыкка чыгарууга тыюу салды.

Бүгүн “Азаттыктын” Бишкектеги бюросунун директору Айзада Касмалиева бизди “бирөөнүн күчүгүнө айланып жанын бакканды артык көргөндөр” деп жазды, бирок менин атымды жаза алган жок, сактанып жаткандай.

Мени жана 5-каналдын редакциясын кемсинтип жаткандарга мен “бирөөнү кемсинтүүдөн же айыптоодон мурда алгач өз сөзүңөргө далил тапкыла” деп айтат элем.

Мен Алинин айткандарына таарынбайм жана эртең аны биздин офистен күтөм. Биз документтерибизди салыштырып көрүшүбүз керек. Али өз документтерине башка тараптан да карап көрүшү зарыл. Анын биздин дарегибизге айткан ачуу сөздөрүнө мен көз жумуп коюуга жана аны менен конструктивдүү иштөөгө даярмын, албетте “Азаттык” муну кааласа.

Ким кааласа менин маалыматтарымды өзү текшерип көрсө болот: Яндекс издөөчү, way back machine, swift validator.”

Элнура Алканова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 51 + = 60

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: