Menu

Фоторепортаж — Президент Сооронбай Жээнбеков Душанбе шаарында Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитине катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-июнда Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин жыйынына  катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргыз Республикасы өз ара ишенимди жана аймактык коопсуздукту бекемдөө боюнча жыйындын максатын жана принциптерин бекем кармана тургандыгын билдирди.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча катышуучулар Азиядагы өз ара аракеттешүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин 5-Саммитинин Декларациясын кабыл алышты.

Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков Саммиттин жүрүшүндө Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен жолугушту.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 + = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: