“Азаттык” Али Токтакуновдун иликтөөсү боюнча фактчекинг жасаган Элнура Алканованын аргументтерине жана фактыларына чычалабай, бирөөлөрдү “саткын, акча алып алган” деп далилсиз айыптабай контраргументтер жана контрфактылар менен жооп бериши керек”, – деп билдирди бүгүн, 17-июнда бозгундагы журналист Адилет Айтикеев АКШдан видеокайрылуу жасап.
“Мен Элнура Алканованын аргументтерине жана фактыларына толук ынандым. Ал эми “Азаттыкка” Венера Жуматаева жетекчи болуп келгенден тартып, “Азаттык” Атамбаевдик бийликке лоялдуу болуп, кызматташып калганын баары эле билет. Ошондон тартып “Азаттыктын” Шайлообек Дүйшеев баш болгон журналисттери мамлекеттик сыйлыктарды алышып, көптөгөн кызматкерлери бийликтин пресс-катчылык кызматтарына барышып, ал кызматтан кеткенден кийин кайра “Азаттыкка” кайтып келишип камыр-жумур иштеше беришет. Эгер колуңарда өзүңөрдү актай турган фактыларыңар болсо бейтарап жерге келип, ачык жарыялагыла, болбосо айыбыңарды мойнуңарга алгыла”, – деди Адилет Айтикеев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ