Menu

Сталиндин ойноштору канча болгон?

Бөлүшүү:

Иосиф Виссарионович Сталин эки ирет үйлөнгөндүгү маалым. Биринчи жолу ал 16 жаштагы Екатерина Сванидзеге үйлөнгөн, (Сталин өзү ал чакта 26да болчу). Анын бул никесинен уулу Яков төрөлгөн. Кобанын (Сталиндин) аялы тиф оорусунан кайтыш болгон. Анын экинчи аялы Надежда Аллилуева болуп калат да, кийинчерээк ал өз өмүрүн өзү кыйган. Бул никеден эки бала: уулу Василий менен кызы Светлана төрөлөт. Баарынан кызыгы, ал кезде Надежда бар болгону 17 жашта, ал эми Иосиф 40 жашка чыгып калган эле.

Сталин аялдарга жага турган эркектерден эмес болчу, аны герой-любовник деп атоого болбос эле. Анын үстүнө, айбаттуу, кубаттуу, олуттуу Иосиф Виссарионович аялзатына деле анчалык кызыкпагандай таасир калтыра турган. Аны баарынан дагы саясат жана дагы эркектердин ортосундагы оюндар кызыктырып, ал оюндардын көбү аны менен чогуу ойношкон эркектердин көбү үчүн абдан кайгылуу болуп аяктай турган болуп калган. Бирок, чынын айтканда, сүйүүгө келгенде Сталин деле башкалардай адам болгон. Ал мамлекет башчысы боло электе деле, болгондон кийин деле ушундай бойдон калган.

XX кылымдын эң башталышында (1909-жылдан 1911-жылга чейин) Иосиф сүргүндө -Архангельск областынын Сольвычегодскийинде жашап жүргөн. Ошол жактан ал
Матрена Кузакова менен таанышып калат, ал жергиликтүү дьякондун кызы болчу. Бул аял жесир калгандыктан, байкуш аял баш көтөрбөй, керээлден кечке иштей турган. Сталин кээде ага жардам берип жүрүп, акыры анын күйөөсүн алмаштыргандай эле болуп калат. Кийинчерээк Матрена уул төрөйт. Сталин ал кезде кетип калган болчу. Бирок айланадагылар баланын өз ага-эжелеринен абдан чоң айырмаланарын байкап калышат. Муну эч көңүл бурбай караганда деле көзгө байкалмак. Бардык балдары сары чийкил болушса, жалгыз гана Константин кара тору болуп төрөлөт. Ага «Степанович» деп отчество беришип, апасынын фамилиясы менен жаздырышат.

70-жылдарда Константин Кузаков Москвага келет. Ал Шаболовкадагы радиодо адабий берүүлөр боюнча редактор болуп иштейт. Баары аны Сталиндин уулу деп шыбыраша башташат. Константин Странович бул версияны тастыктайт. Бирок – 1996-жылы гана! Ал бала кезинен бери эле кимдин уулу экенин билерин, бирок, бул тууралуу эч кимге айтпагандыгын, жана да эч кимге айтпайм деп тилкат түрүндө сөз бергенин билдирет.

1947-жылы Кузаковду аз жерден атып сала жаздашат. Бул ишти да фальсификациялаган Берия болуп чыгат. Бирок, балким, анын Иосиф Виссарионович менен туугандык байланышын билишкенби, айтор, ал тируү калат.

1913-жылдан 1916-жылга чейин Сталин кайрадан сүргүнгө айдалат. Бул ирет Курейка айылына (Туруханский крайга). Ал бир туугандар-агасы жана карындашы бар – Перепрыгиналардын үйүндө жашап калат. Андан соң 14 жаштагы кыз – Лидия менен жашай баштайт.

Перепрыгина эки бала төрөйт. Бирөөсү кичине кезинде эле өлүп калат. Экинчиси – Александр узак жашайт. Жаш кыз менен бойго жете элек кезинде жашагандыгы үчүн Сталинге каршы кылмыш ишин козгоону каалашкан болчу. Бирок, ал кызга үйлөнөм деп убада берип, ошол бойдон сөзүнө турбай, қетип калат.

Лидия кийин ошол эле айылдык Яков Давыдовго күйөөгө чыгат, баласы Александр – Давыдов болуп калат. 1935-жылы НКВД кызматкерлери андан маалыматтарды жайылтпоо тууралуу тилкат алышат. Анын атасы чынында ким экени табышмак бойдон кала берет. Александр Давыдовдун эң жогорку жеткен кызматы – Новокузнецкийдеги ашкананын чоңу болот.

Сталин кезегинде балериналар Ольга Лепешинская жана Марина Семенова менен жана да ырчылар Наталия Шпиллер жана Валерия Барсова менен да ар түркүн байланышта болгон деп айтылат.

1941-жылы 25 жашында Ольга Сталиндик сыйлыктын I даражасындагысын балет искусствосу боюнча алган. Сталин бийчилерге урмат менен караган. Ал эми шат көңүлү жана виртуоздуу секириктери үчүн аны ийнелик деп коюшкан. Балерина Кремлдеги концерттерде көп катышат, Сталин өзү да Чоң театрда көп боло турган. Анын афишасында Лепешинскаянын фамилиясы такай турчу. Кийинчерээк артист бардык орден, медалдарды алып, аларды кайсыл жерине илишти да билбей калат. Аны өз мекенинде гана эмес, чет өлкөлөрдө да абдан бийик баалашкан.

Жол башчы Чоң театрдын солисткасы Вера Давыдова менен да байланышканын айтышат. Арийне, бул сөздү Давыдованын туугандары такташкан эмес. Бирок, кыйыр далил катары, анын да ар кандай сыйлыктары жана ардактуу наамдары абдан эле көптүгүн сөз кылышат.

Валентина Истоминаны Сталиндин эң соңку сүйүүсү деп аташат. Ал жолбашчынын жанында 1935-жылдан баштап, анын өмүрү өткөнчө чогуу болгон. Алардын мамилеси жакындыгын Молотов өзү тастыктаган имиш. Истомина Сталиндин экономкасы болчу. Дайыма жолбашчынын жанында боло турган. Сталин өлгөндөн кийин Истоминага персоналдык пенсия чегерилген. Анын балдары жок болчу. Ал өзүнүн жээндерин согушта курман болгон инисинин балдарын багып алган. Валентина Истомина 1995-жылы өлгөн.

Сталиндин башка дагы сүйүү романдары болгон дешет. Бирок, бул жерде биз эң белгилүүлөрүн гана сөз кылдык.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: