Menu

УКМК: “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясынын” айрым кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуудан өлкө 432 млн. сом зыян тартты

Бөлүшүү:

КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы” мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери тарабынан темир жол вагондорун сатып алуудагы сынакта мыйзам талаптары бузулган фактылары аныкталды.

КР УКМК ККК материалдарынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Ачык тооруктарды, аукциондорду же тендерлерди өткөрүүнүн тартибин бузуу)боюнча сотко чейинки өндүрүш башталып Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Анда КР Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы” мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери тарабынан жалпысынан 432 млн. сомго 150 даана универсалдуу темир жол вагондорун
сатып алуудагы сынакта мыйзам талаптары бузулгандыгы аныкталды.

Такталгандай, мамлекеттик сатып алуу тартиптерин “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы”мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери КР мыйзамын бузуп, бюджеттик каражаттары үнөмсүз колдонулган. Жыйынтыгында, башка катышуучулардын сунуштары жана жарым-вагондорду 35 миң АКШ доллар баасында жеткирүүнү сунуштаган, базарда темир-жол товарларын өндүрүүчү алдыңкы заводордун сунуштары тендердик комиссия тарабынан четке кагылып, тендердин жеңүүчүсү болуп жарым-вагондорду 41 миң АКШ доллар баасында сунуштаган, чыгашалуу ортомчу компания табылган.

Муну менен бирге, тендердик комиссия тарабынан техникалык өзгөчөлүктөр талабы да каралган эмес, мисалы “12-132” үлгүсүндөгү кузовунун көлөмү 88м3 болгон жарым-вагондун ордуна, “12-9796” үлгүсүндөгү кузовунун көлөмү 78м3 болгон жарым-вагон сатылып алынган. Натыйжада “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы”мамлекеттик мекемесинин айрым кызматкерлери аталган келишимди түзүүдөн мамлекеттик бюджетке 69 млн сомдон ашык зыян келтиришкен. Белгилей кетсек, “Кыргыз темир жолу улуттук компаниясы”мамлекеттик мекемесинин тарабынан аталган темир-жол жарым-вагондорун сатып алууда Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунан кредиттик эсепке түшкөн акча каражаттары колдонулган.

Азыркы убакта КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: