Menu

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тууган коомчулуктар Башкармалыгынын төрагасы менен жолукту

Бөлүшүү:

2019-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тууган коомчулуктар Башкармалыгынын (YTB) Тѳрагасы Абдулла Эрен менен болгон жолугушуусу болуп ѳттү.

Элчи К.Өмүралиев YTB стипендиялык программасы боюнча кыргыз студенттердин Түркияга келип Жогорку окуу жайларда билим алууларына кѳмѳк кѳрсѳтүп жаткандагы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуу учурунда, Элчи К.Өмүралиев Ван провинциясынын Эрджиш районунун Улуу Памир айылына Кыргызстандан келе турган кыргыз тил жана адабият, кол ѳнѳрчүлүк жана музыкадан сабак бере турган мугалимдеринин айлык маянасынын маселесин чечүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү жана Түркияда кыргыз студенттеринин санын кѳбѳйтүү боюнча ѳтүнүчүн билдирди.

Ошондой эле К.Өмүралиев Эрджиш шаарына жакын Ван кѳлүнүн жээгинде жайгашкан, этникалык «Ата Журт» этнокомплексинин иш-аракеттерине кѳмѳк кѳрсѳтүү ѳтүнүчүн билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: