Menu

Видео – Текебаев: “Мен түрмөдөн кол чабуулар менен чыгам, Атамбаев да мага окшоп, абактан баатыр болуп чыгуусун каалабайм”

Бөлүшүү:

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери, учурда Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев 16-июнда «Азаттык» менен болгон маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартуу, аны кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу сунуштар боюнча көз карашын билдирди.

«Мен Атамбаевдин кыргыз тарыхындагы орду, анын келтирген залакалары так аныкталып, далилденип, элдин алдында да, соттун алдында да жооп беришин каалаган адамдардын биримин. Ага менин моралдык укугум бар деп эсептейм. Мен камалып калганыма өч алуу, таба кылуу максатында эмес, камала электе эле 2016-жылы Атамбаевдин кылмыштарын санап, импичмент маселесин көтөргөнбүз. Менин камалышымдын негизги себептеринин бири да ошол. Ошондуктан “Ата Мекен” партиясы 2016-жылы баштаган ишин аягына чыгарышы биз үчүн эле эмес, Кыргызстан үчүн да маанилүү деп ойлойм. Бирок “шашкан шайтандын иши” дейт. Мен айткам да, “мени түрмөдөн кол чабуулар менен чыгарасыңар” деп. Атамбаевди бүгүн шашып камап алып, эртең ал да кол чабуулар менен чыгышын мен каалабайм. Аны бүгүн шашып камап коюп, кийин өзү жактырбай, чанып жүргөн эл аралык уюмдарга кайрылса, алардын колдоосу менен акталып чыгып, каарман болушун каалабайм. Ошол себептүү күнөөнү коюш үчүн кылдат иликтеп чыгып, далилдерди таап, элди ынандырып, тарыхый документтерди бекемдеп, андан кийин жоопко тартыш керек деп эсептейм», — деп билдирди Текебаев.

Парламент 13-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу комиссия түзгөн.

Анын курамына депутаттар Өмүрбек Бакиров, Евгения Строкова, Кожобек Рыспаев, Максатбек Эгембердиев, Талант Мамытов, Бактыбек Райымкулов, Жыргалбек Турускулов, Канатбек Исаев, Алмазбек Токторов, Алтынбек Жунус уулу, Бактыбек Турусбеков жана Каныбек Иманалиев кирген.

Мунун алдында депутат Канатбек Исаевдин Атамбаевдин кол тийбестигин алуу жөнүндө сунушун Жогорку Кеңештин 60 депутаты колдоп, кол коюп бергени айтылган. Бир топ депутаттар мурдагы президенттин 8-июндагы митингде айткан сөздөрүн сындап, ал чуулгандуу иштерге жооп бериши керек экенин билдиришкен.

Комиссия депутаттардын экс-президентке койгон дооматтарын карап чыгып, Алмазбек Атамбаевге чара көрүү жөнүндө сунуш киргизе турган болгон. Эгерде Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоого негиз тапса, кайра парламентке кайрылат. Аны Жогорку Кеңештин үчтөн экиси, 80 депутат колдосо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевден макам алынмакчы.

Атамбаев башында турган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлдөрү кол тийбестик боюнча депутаттык комиссия мыйзамсыз түзүлгөнүн билдирип жатышат.

Быйыл 31-майда Текебаев саламаттыгына байланыштуу №47 колониядан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган.Ага дейре 3-майда Жогорку сот Текебаевдин жана аны менен бирге соттолгон мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, мурдагы сот өкүмдөрүн өзгөртүүсүз калтырган.

Эки саясатчы 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең муну саясий куугунтук катары баалап келишет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: