Menu

Касымбек Мамбетов, Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары: “Июнь окуясында каза болгон 20 кишинин өздүгү дале тактала элек”

Бөлүшүү:

Саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Касымбек Мамбетов 2010-жылы болуп өткөн июнь коогалаңында аталган тармакты өзү жетектегенин айтты. Июнь коогалаңы деп тарыхта калган кара так мындан тогуз жыл мурда 10-июнда болуп өттү эле. Анда расмий маалыматтар боюнча 20 адам дайынсыз жоголсо, дагы 20 кишинин сөөгүнүн али күнгө чейин кимдиги тактала элек. Анын айтымында, каза болгондордун жалпы саны 452 адамга жеткен.

“Ошол күндөрү мен жаңы бекитилген министрдин орун басары катары түнкү саат 1:00дөрдө өкмөт үйүнөн тапшырма алдым. Жалал-Абад облусунда чыккан чырга байланыштуу эртең менен жолго чыгышым керек болду. Таңкы саат 6:00дө Исмаил Исаков жетектеген атайын топ окуя болгон жерге учуп бардык. Тик учакта баратып эле абалдын оор экенин көрдүм. Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү чогулуп, өзүнчө жыйын куруп калышты. Мен дароо саламаттык сактоо тармагын колго алдым. Жыйынтыгында июнь коогалаңы басылып жашоо бир калыпка түшкөнчө, биз ошол жакта иштеп турдук. Абал бир топ кыйын болду. Жаракат алгандарга кошумча жөнөкөй бейтаптарды да үйлөрүнө чейин барып дарылап жаттык. Түнбү-күнбү, бир дагы медицина кызматкери баш тартпай, барчу жерге жалгыздап болсо да барып, ооруп жаткан адамдарга көмөк көрсөтүп келип жатышты. Ошондой эле аскер кызматкерлери да биздин коопсуздугубузду, жалпы шаардын тынчтыгын тынымсыз камсыздап турушту. Тилекке каршы, бул коогалаңда жүздөгөн адамдар көз жумса, 20 адам дайынсыз, дагы 20 сөөктүн кимдиги ушул күнгө чейин белгисиз”, — деди Мамбетов.

Ал июнь окуясында өз жанынан бейтаптын өмүрүн жогору коюп иштеген медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Кошумчалай кетсек, 2010-жылы алгач Жалал-Абад шаарында, андан соң Ош шаарында улут аралык кагылыш болуп еткөн.

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: