Menu

Бейадеп, жалаакор жана бейтарбия АША

Бөлүшүү:

Ичине шайтан биротоло уялап калган, эки революциянын накта автору менмин деген жылаңач баатыр АША кыйратып койгонсуп кезектеги митингин жасап, ак-кара иттердин баарын оозунан төгүп алды. Колунан жетелеп келишип минбарга имгизип коюшту эле, атта, ушундай дөөдүрөп кирди…өзү турсун жакын санаалаштары түшүнбөй дабдырап калышты. Оюна келгенди тантыраган ойсекедей, нени балпылдатса да адамдардын кадыр-баркына шек келтирип тебелеп-тепседи…

Өзүнүн колу менен жасаганды бүгүн эсинен чийип салып, өзү бирден иргеп, тыйын-тыпырын алып алган Жогорку Кеңештин депутаттарын кайрадан чимкириктер деп атап, ашык-кеми жок – “парламентте чимкиригин көкмөк кылып куйултуп отурушкандар” дегени кызык болду.

Албетте, бул дабдырбайлыкты мурда эле айткан дейли, бүгүн андан ары кетип президент Жээнбековду “Каапыр (бейдин) деп атаганы менен “тамбашысынын” биротоло кеткенин тастыктады.

Собол туулат: бу качан эле АША момун мусулман болуп калыптыр? Же ал тыйынын төлөп ажылыкка, барып келгенби, же беш убак намазын окуп жүрөбү. Жок, ал бирөөсүн да жасабайт. 25 граммдык рюмкасында коньягын тынымсыз чискен адам “каапыр” болобу же мусулманбы? Муфтий жооп берип койсо жарашмак.

Президент Сооронбай Жээнбеков ислам динин тутунуп, намаз окуп, ал тургай Ажылык сапарга барып келгенин дагы жакшы билебиз. Кыргызстандын элинин басымдуу бөлүгү дагы мусулмандар. Жакында эле ыйык Рамазан айы бүттү. Акыл-эстүү адамдар 30 күн ичинде орозо кармап, ушак айтуудан жана башка жаман сапаттардан алыстап, жан дүйнөлөрүн тазартышты. Мына ушул ыйык ай бүтөрү менен экс-президент чыга калып, “Сооронбай Жээнбеков шайтанга кызмат кылат, ал мусулман эмес, кааапыр, мутафык” -деп айтты. Бул мусулман үчүн абдан чоң кечирилгис кемсинтүү.

Алмазбек Атамбаев өзүнүн тарбиясыздыгына, ойлоңбой сүйлөгөнүнө жамынып алып бүгүн чоң кунөө кылды. Мусулман адамды – каапыр, шайтан, мунафыксың деп айыптаганы бул барып турган акмактык! Болгондо дагы көпчүлүк мусулмандар жашаган Кыргызстандын мусулман президентинин кадыр-баркына шек келтирди.

Экс-ажонун мынтип сүйлөп, өзүн кармай албай оолугуп жатканын көрүп, анын мойнуна шайтан минип, шайтанга өзү кызмат кылып каяганбы деген суроо жаралат. Болбосо, 6 жыл мамлекетти башкарган адам сүйлөй турган сөзбү мунун баары?

Салыштырып көрөлү, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев ушунтип сүйлөп атканын! Эмне деген тарбиясыз адам бул Атамбаев?!

Сооронбай Жээнбековдун сабыры көп экен, оозуна ээ боло албаган богооз немеге бир дагы жолу чыгып жооп берген жок. Сабыры суз, ачуусу чукул адам болгондо Атамбаевди желкеден сүйрөп барып эле түрмөгө отургузуп салмак. Адамгерчиликтин дагы чеги болоор! Кала берсе “Сооронбай кет, деп чыгабыз, чөгөлөп өлгөнчө, тике туруп өлгөн жакшы… деп мамлекеттик түзүлүштү кыйратууга жасаган ураанын кантип көз жаздымда калтырса болот. Мына ушундай сөзү үчүн ушул бейадеп, башы айныган адам Бабановго кылмыш ишин козгоп, ушул тапта да ал бозгунда жүрбөйбү… Ар нерсенин чеги болот, АША оюндун да күнү келип калды сыягы.. Балким бул анын акыркы “шоусу” болсо керек…

-Айнура Кочкорбаева: Атамбаевдин ичине жин кирип, аны шайтан башкарып алган эмеспи? Бүгүн анын сүйлөгөнүн көрүп абдан таң калдым. Президент Жээнбековду “Сооронбай мусулман эмес, ал шайтанга кызмат кылат. Каапыр мунафык” деп салды го? Эми бул сөзүнө жооп бериши керек. Оозум бар деп эле ар нерсени айта берсе болобу? Бул Атамбаевге ким укук берген каалаган адамды ушактап, каралап жана жалаа жаба бер деп! Мейли, ишине асылсын, өзүнө асылсын, эмнеге Ислам динине, туткан ишенимине асылып шек келтирет? Атамбаев акыл-эси ордунда элеби же 10 граммды согуп алып чыгып сүйлөдүбү? Соо адам кантип ушундай сөз айтсын, тообо!

Алмазбек Атамбаев мусулмандарга эмнеге шек келтирүүдө?

Аруузат Токо: “Мен сүйлөй берем, мени эч ким коркута албайт, мен өз катамды өзүм оңдойм” деп эле күпүлдөгөн экс-ажо Алмазбек Атамбаев 8-июнда өткөргөн митингинде жалпы мусулмандардын ар-намысына шек келтире турган сөз айтты. Ал “Сооронбай Жээнбеков шайтанга кызмат кылат, ал каапыр. Мунафык! Мусулман эмес” деп колун сереңдетип кыйкырынды. Демек, ал мамлекет башчысынын ар-намысына шек келтирди. Экинчиден, мусулман адамды шайтанга салыштырып, каапырга теңеди. Буга чейин да ал Ислам динибизге өтө көп жолу шек келтирип, дин кызматкерлерин дамбал кийет деп шылдыңдаган эле. Анан дагы “молдокелер айтпай жүрүшөт, мусулманчылыкта анча-мынча агынан ичип койсо болот” дегенин жалпы элибиз уккаң.

Балким, бул өзү чыныгы мунафык, чыныгы каапыр эмеспи? Качанкыга чейин биз мусулмандар АШАнын мындай шылдыңдоолоруна чыдап жүрө беребиз? Өзү оозунан Кудайды түшүрбөй айтып жүргөнү менен жасаган иштеринин баары тескерисинче болуп атпайбы. Ал бүгүн дагы өзүнүн сөзүндө “Мен Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келип туура эмес кылыптырмын. Мен бул катамды эми өзүм оңдойм” деди. Демек, ал бийликти алмаштырам дегенди кыйытканын кантип түшүнбөй калалы? Ошондо ал элди бийликти күч менен басып алууга чакырып жаткан болобу? Ушул дагы элди ойлогон, мамлекетти ойлогон, ыйманы бийик мусулмандын айта турган сөзүбү? Бул анык каапырдын, шайтанга кызмат кылган адамдын сөзү эмеспи.

Өзүбек ажы Чотонов: “Атамбаев “Фитна” кылды. Бул шариятта адамды өлтүргөндөн да коркунучтуураак”. “Мунафык” деген сөз — бул дини жок, бирок элдерге дини бардай көрүнүп сакал коюп, топу кийип алган адам. Башкача айтканда сырты башка, ичи башка адам болуп саналат.

“Өзү шайтандап минтип айтканы эң чоң күнөө. Бул “фитна”. Фитна кылуу – адамдарды жаңжалга түртүү, адамдарга бүлүк салуу дегенди түшүндүрөт. Бул шариятта адамды өлтүргөндөн дагы коркунучтуураак. Өзүнүн убагында башкаргандан кийин тынч отурбайбы. Шариятты оңго-солго бөлгөн болбойт да”, — дейт ал.

Чын эле экс-президент А. Атамбаев өзүнүн тилинен да, жасаган ишинен да Кудайга жакпай калганы үчүн азыркыдай оор абалга кептелип калган жокпу.

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 + = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: