Menu

Назарбаевдин айланасындагы аткаминерлерге аэропорттордун VIP-залдарында кызмат көрсөтүлөт

Бөлүшүү:

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин айланасындагы аткаминерлерге өлкө аэропортторундагы атайын бөлүнгөн залдарда кызмат көрсөтүлөт.

Бул тууралуу коомдук талкуу үчүн 14-июнда жарыяланган өкмөттүн токтом долбоорунда жазылган. Ачык талкуу 28-июнга чейин уланат.

Өлкө аэропортторундагы VIP-залдарда кызмат көрсөтүлө турган аткаминерлердин тизмесине Туңгуч президенттин атындагы фонддун аткаруучу директору менен анын орун басарлары, Элбашынын канцелярия жетекчиси жана анын орун басарлары, Назарбаевдин жардамчылары менен кеңешчилери, ошондой эле экс-президенттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирген. Токтом расмий басылып чыккандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Өлкөнү дээрлик 30 жылдан бери башкарып келген Нурсултан Назарбаев быйыл мартта кызматтан кеткен. Бирок ал «Нур-Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп, бийликтеги таасирин сактап калды. Мындан тышкары Назарбаев «Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин ардактуу төрагасы» жана «Ардактуу сенатору» макамдарына ээ.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: