Menu

The New York Times АКШ президентинин айыптоосуна жооп берди

Бөлүшүү:

The New York Times гезити АКШ президенти Дональд Трамптын «чыккынчылык» боюнча айыптоолоруна жооп берди.

Күн мурун Ак үйдүн башчысы Кошмо Штаттар Орусиянын энергетикалык системасына чабуулдарды жандандырганы тууралуу басылманын жаңылыгын «жалган» жана «чыккынчылык» деп атаган.

«Басылманы чыккынчылыкка айыптоо өтө кооптуу», — деп жазды The New York Times гезитинин редакциясы «Твиттердеги» баракчасына. Гезит макала чыкканга чейин өкмөткө бул тема боюнча жаңылык жарыялана тургандыгы жөнүндө маалымат бергенин билдирди.

15-июнда The New York Times Ак үйдүн учурдагы жана мурдагы кызматкерлерине шилтеме кылып, америкалык атайын кызмат өкүлдөрү кеңейтилген ыйгарым укуктарын пайдалануу менен Орусиянын энергетика системасынын компьютердик түйүндөрүнө чабуул коюу аракетин жандандырганын билдирген.

Гезиттин маалыматына караганда, бул орусиялык хакерлердин автивдүүлүгүн токтотуп, ошол эле маалда алардын чабуулдарына контрсоккуларды жасоо каражаты болот.

АКШ Орусияны өлкөнүн энергетикалык түйүндөрүнө чабуулдарды жасоого жана 2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлигишүүгө айыптап келет. Орусия башка өлкөнүн ички иштерине кийлигишкенин четке кагууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: