Аш-тойдогу сүрөттөрүн элге жарыялагандан башка иш кылбаган Жогорку Кеңеш өзүнчө эле күрүгүү. Анткени алдыда шайлоо келатат. Али бир жыл бар болсо да өз ара култуңдаган депутаттар кайра эле баягы табактарын «жалаганды» каалап атат. Дегеним, Жогорку Кеңеште 120 депутат болсо, анын 119у (камактагы Осмонбек Артыкбаевди кошпогондо) 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышып кайра депутат болуу ниетинде. Мейли барсын, шайлансын. Ага каршылыгыбыз жок. Бирок, ошол депутаттар шайлоого кайра барганга чейин мен шайлоочуларыма эмне жардам бере алдым деген суроону өздөрүнө беришсе. Социалдык абалдын көйгөйүн унутуп калып, соцсеттерде тойлоп, май чайнап атканына маашырланган депутаттарыбыз эртең да эл тагдыры менен ойнойм дегени кыжырды кайнатат. Баардыгы деп айтуудан алыспыз, эл аралап эл менен тыгыз иш алып барып, жардамын берип келген 20га чукул депутатты билебиз. Калгандары олчойгон айлык алып, бир маселе көтөрбөй 5 жыл креслого ыштанын ышкап, убакыт өткөргөндөр жок деп айта албайбыз да. Депутаттарды иргегенге мезгил келди го. Же бул «дармоеддерди» дагы 5 жыл баккысы келгендер барбы? Буларда бет калбаса да эл өз бетин таза сактап калууга аракет жасап, тандоону салкын кандуулук менен жасаганы туура болоор.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ