Menu

«Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы» мекемеси түзүлдү

Бөлүшүү:

«Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынынмаалыматтык камсыздоо бөлүмү билдириди.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 31-январындагы № 18 «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин Уставы бекитилди, ошондой эле тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга жаңы уюмдун ишмердүүлүгүн жөнгө салган өзгөртүүлөр киргизилди.

Белгилей кетсек, «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемесинин негизги максаттары жана милдеттери төмөнкүлөр:

– «Манас» эпосунда жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл мурасында камтылган рухий баалуулуктарды өсүп келе жаткан муун арасында кеңири жайылтуу жана ар тараптуу изилдөө, сактоо, ошондой эле идеяларды дүйнөлүк масштабда жайылтуу, таланттуу манасчыларды тарбиялоо;

-«Манас» эпосунун жана көрүнүктүү инсан – Чыңгыз Айтматовдун маданий мурасын сактоо үчүн шарттарды түзүү.

Уюмдун ишмердүүлүгүндө илимий, техникалык жана искусство таануу изилдөөлөрүнө аракеттешүү; «Манас» эпосунда, кыргыз элдик эпикалык маданиятында, Чыңгыз Айматовдун чыгармачыл мурасында камтылган рухий, моралдык жана этикалык баалуулуктарды жайылтуу; илимий-практикалык жана илимий-техникалык конференцияларды уюштуруу, өткөрүү жана катышуу; эмгектерди, мезгилдүү басылмаларды жана тематикалык түрмөктөрдү басып чыгаруу; аудио-видео, окутуу-агартуучу, таанып-билүүчү материалдарды даярдоо; көргөзмөлөрдү уюштуруу, сувенирлерди жасап чыгаруу сунушталган.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: