Menu

Фото – Аламүдүн районунун Ленин айылында маданий жана эс алуу ишмердик, үй-бүлөгө жана балдарга жардам көрсөтүү борбору ачылды

Бөлүшүү:

2019-жылдын, 14 июнунда, Аламүдүн районунун Ленин айылында маданий жана эс алуу ишмердик, үй-бүлөгө жана балдарга жардам көрсөтүү “Дөөлөт” борбору ачылды.

Аталган иш-чарага КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова, Чүй облусунун Аламүдүн районун акими Марс Саккараев, Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Каиркүл Бекова катышты.

Министрдин орун басары Ализа Солтонбекованын айтымында, Борбордун негизги максаты – бул турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөргө, балдарга ар тараптуу колдоолорду көрсөтүү.

“Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой, 15-майдан тартып Кыргыз Республикасында «Биздин балдар – планетанын келечеги!» аттуу бир айлык өтүүдө. Учурда Кыргызстандын баардык аймактарында үй-бүлөлүк баалулуктарды бекемдөө жана балдар менен ата-эненин мамилелерин өнүктүрүүчү маданий-массалык, эс алуу жана спорттук иш-чаралар уюштурулууда. Борбордун ачылышы ушул бир айлык өткөн мезгилге туш болду. “Дөөлөт” борборунда турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөр, балдар сапаттуу психологиялык, укуктук жардамдарды ала алышат. Бул жерде балдар үчүн атайын кружоктор: комуз ойноо, сүрөт тартуу, чет тилин үйрөнүү уюштурулат. Мындан тышкары балдарды мектепке даярдоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт”, – деди Ализа Солтонбекова.

Аталган борбор 50 адамга ылайыкталып, жергиликтүү бийликтин бюджетинин эсебинен каржыланат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 55 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: