Menu

Видео – УКМК: ЖЭБ ишине Атамбаевдин катышы тергелип жатат

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иштерге байланышы тергелип жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сагынбек Самидин уулу билдирди.

«Бул факт кылмыштарды каттоо боюнча реестрге жазылып, тергөөнү уюштуруу үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. 319-(«Коррупция») беренеси менен экс-президенттин тиешеси бар деп материалдар бөлүнүп алынган», — деди ал.

Атайын кызматтын өкүлү бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында айтты.

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча шектүү катары УКМКнын тергөө абагында Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, парламенттин депутаты Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов жана Айбек Калиев сымал мурунку жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер отурат. Алардын баары «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айыпталууда. Айыпталуучулар өздөрүнүн күнөөсүз экенин айтып жатышат.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: