Menu

Атамбаев өлкөдө башаламандык салууга үндөп, даярданып жатабы?

Бөлүшүү:

Экс-президент Алмазбек Атамбааев жалганды чындай койгулаштырып кабак-кашын чытып сүйлөп көнүп калган экен. Ал мамлектин башында турган кезин, «Бийликтен кеткенден кийин бак сугарып, чыгармкчылык менен эле алектенем» деп көп айтчу. Бирок, бийликтен кеткенден кийин кайрадан КСДП партиясынын төрагасы болуп алган. Ал эми кече жакында эле аталган партиянын төрагалыгынан кетип, мүчөлүгүн да токтотконун жар салган. Кыязы, бул ирет да элди ачык эле алдаган окшойт. Май айынын аягында күчүнө кирген «КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери боюнча» мыйзамга кирген өзгөртүүлөр күчүнө кирген. Бирок, бул өзгөртүүлөр деле экс-президенттин амбицияларын тыя албады окшойт, ал кайрадан эле учурдагы бийликти массалык башаламандыктар менен коркута баштады.

16-майда экс-президентти жоопкерчиликке тартуунун механизмдерин караган, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон мыйзамга ылайык эми мурдагы мамлекет башчысы абсолюттуу кол тийбестикке ээ эмес. Бирок, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Жогорку Кеңеш айыптоо жылдырып, аны Башкы прокуратура бекемдеши керек.

Бул өзгөртүүлөргө ылайык, экс-президент мамлекеттик бийлик органдарында саясий жана атайын мамлекеттик кызматтарды ээлегенге укугу жок. Ошондой эле саясий партияларды жетектөөгө жана саясий партиянын ишмердүүлүгүнө башка жолдор менен катышууга да укуктуу эмес. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, анда баш прокурордун көрсөтмөсү жана президенттин актысы менен экс-президенттин бардык
кепилдиктери токтотулат. Ошондой эле аны республикалык бюджеттен камсыздоо да токтойт.

Мына ушундай мыйзамдын талаптары турса дагы Алмазбек Атамбаев саясаттан кеткиси келбей турганы белгилүү болду. Ал партиядан кеткени менен анын ишмердүүлүгүнө баары бир катыша бере турганын далилдөөдө. Болбосо, 8-июнда КСДП партиясы өткөрө турган митингге АШАнын да катыша турганын башкача кандай түшүнсө болот? Бул митинг А. Атамбаевдин көзөмөлүндөгү ММКлар жайгашкан «Медиа форумдун» имаратынын жанында өтө турганы да белгилүү. КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукуловдун айтымында митинг «тандоо жолу менен болуп аткан коррупцияга каршы күрөшкө каршыбыз» деген лозунг менен өтөт экен. Алар «азыр коррупцияга каршы күрөш жалаң гана Атамбаевдин тарапташтарына каршы жүрүп атат» деген ойду айтышат.

Айтор, булардын аракеттерин жакшылап анализдесеңиз, Атамбаевдин башкы максаты учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду массалык каршылыктарды уюштуруу аркылуу бийликтен кулатуу болуп атат. Андай башаламандыктын арты мамлекет үчүн өтө кооптуу, жок болуп кетүүгө алып бара турганын ойлоп да койгон жок окшойт. Мына ушундай максатта жасалган кадамынын биринчи ушул митинг болуп атат.

Экс-президент бийликтен кеткенден кийин дагы мамлекетти каалагандай башкара берем деп пландаган экен. Анан анын убагында коррупциялык иштер ачыкка чыга баштаганда, учурдагы президент тараптан калкалоону күттү. Бирок, бул күрөштө эч кимге аео болбой тургандыгын мамлекет башчысы билдирген соң, А. Атамбаев калжың кептерин айта баштады. Мисалы, ал адегенде мамлекет башчысынын дарегине ар-намыска тийе турган сөздөрдү айтты. Андан кийин акырындык менен өзүнүн кадрларынын боштондукка чыгарылышын талап кылганга өттү. Анан дагы учурдагы бийликти үй-бүлөлү-кландык башкарууга айыптай баштады. Өзүнүн тарапташтарын Ак үйдүн алдына алып чыга турганын да кыйытты.

Мына ушундан улам экс-президент Атамбаев учурдагы мамлекет башчысынан кандай жол менен болсо да өч алгысы келип турганын байкоого болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алманбет Шыкмаматов мындай дейт: «Атамбаев өзү кече жакында эле айткан негативдердин баарынын негиздөөчүсү жана идеологу болуп саналат. Мисалы, кландык башкаруу тууралуу айта турган болсок, анда дал ушул Атамбаевдин убагында ошондой башкаруу апогейине жетти. Анын шоопуру жана жансакчылары мамлекеттеги таасирдүү адамдар болуп калышкан. Ал кландык берилүүчүлүк принциби менен мамлекеттик кызматтарга дайындоодо кадрдык чехарданы киргизди. Мамлекеттеги кландык башкаруунун башатында ал өзү турду», — дейт.

Ошондой эле А. Шыкмаматовдун айтымында А. Атамбаев системалуу оппозиция эмес, жөн гана өч алууну көздөп турат. «Башаламандыктарды, провокацияларды уюштуруу менен ал өч алгысы келип турат. Ал ачык эле өзүнүн катачылыгын оңдоо ниети бар экенин айтпадыбы. Башкача айтканда, ал күч колдоно турганын ишаарат кылып атат. Ошондой эле милиция элди атпайт деди. Ушуну менен ал элди тартипсиздик боло турганына даярдап атат», — дейт Алманбет мырза.

Демек, А. Атамбаев өзүнүн алты жылда мамлекеттен тоногон миллиондорун аш кылып кетүү үчүн жана учурдагы бийликтен өч алуу максатында гана дагы бир революция жасагысы келип турат. Тагыраак айтсак, бийликти күч менен басып алууну көздөөдө. Мына ушундай коркунучтуу аракеттерге учурдагы бийлик жол бербейт деген ишеним бар. Бизге тынчтык, стабилдүүлүк керек. Атамбаевдин жеке таарынычы, жеке кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынын алдында эч нерсеге татыбайт.

Андыктан анын арам ойлуу планын ачыктап, анан дагы коррупциялык, контрабандалык иштерин иликтеп, тезинен темир тор артындагы ордуна отургузуу керек. Анын башка орду деле калбады.

Аруузат Токо

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 88 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: