Menu

Албек Ибраимовдун иши жабылган жок

Бөлүшүү:

Коррупциялык иши менен кайырмакка илинген «киттер» түрдүү айла-амалдар менен жоопкерчиликтен кутулганга жандалбастап жатканын билебиз. Кечээ күнү Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов кезектеги «трюктун» бирин жасап, «Күнөстүү жээк» пансионаты боюнча кылмыш ишти жаптырганга аракет кылды. Шанаңдаган адвокаты пансионат сатылган учурда Ибраимов «Дастан» ишканасында жетекчи болбогонун далил катары тартты эле, Бишкектин Ленин райондук соту мыйзам алкагында карап, кылмыш ишин жабуудан баш тартты. Ибраимов «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алганы, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтиргени жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп бергени боюнча айыпталып, иши иликтенүүдө.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 53

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: