Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Сырт аймагында ок жеген аялдын сөөгү табылганын Ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов кабарлады. Укук коргоо органдарына билдирүү 17-июнь күнү болжол менен саат 04.00дөрдө түшкөн. Сөөк табылган жерге ыкчам топ жөнөп кетти. Азырынча алар менен байланыш жок. Тартип сакчылары окуянын чоо-жайын тактап жатышат.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ