Menu

Нур-Султанда «митингге үндөгөн» бир нече кишиге айыппул салынды

Бөлүшүү:

17-июнда Нур-Султандын административдик соту бир нече кишини «мыйзамсыз митингге чыгууга үндөө» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, айыппул салды.

«Желтоқcан ақиқаты» коомдук бирикмесинин төрагасы Нурлан Базуловдун айтымында, 16-июнда 1986-жылдын декабрындагы окуялардын катышуучулары өткөн жумада кармалган жарандарды бошотуу чакырыгы менен тынчтык митингине чыгууну каалашкан.

«17-июнь күнү эртең менен мени Алматы райондук милиция бөлүмүнө, андан кийин административдик сотко алып барышты. Административдик кодекстеги «Митинг өткөрүүгө чакыруу» беренесинин негизинде 126 миң теңге өлчөмүндө айыппул салышты. Бирок менин 1986-жылдагы декабрь окуяларына катышканымды эске салып, айыппул өлчөмүн 88 миң теңгеге (228 доллар) азайтышты», — деди Базулов.

Анын айтымында, сот мындан тышкары нур-султандык активисттер Орынбасар Жаныбековго, Асанхан Искаковго, Инкар Тиштибаевге 88 миң теңгеден, Мамырбай Орыска 55 миң теңгө өлчөмүндө айыппул салды.

Шайлоодо жана андан кийинки күндөрү Нур-Султанда жүздөгөн киши кармалып, камакка алынган. Алар соттордун чечими менен коңшу эки облустагы убактылуу кармоо жайларына жеткирилип, көбү 14-июнда бошотулган.

Расмий маалыматтар боюнча 9-10-июнь күндөрү Нур-Султан жана Алматы шаарларында уруксат берилбеген митингдерге чыккандыгы үчүн 957 киши административдик жоопкерчиликке тартылган. Алардын 670и алты суткадан 15 суткага чейинки мөөнөттөргө камалса, 115 адамга айыппул салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: