Menu

“Сейф бизнес” элди сызга отургузууда

Бөлүшүү:

Тармактык маркетинг аталган тармактын бизнестин битин сыккан шылуундар баёо элди азгырып, бир чекеден сызга отургузууда. Так ушул маалда «сетчилердин» бир сектасы болгон «Сейф бизнес» дегени өлкөбүздө кулачын кеңири жайып, мите курттай соруп жаткан маалы. Социалдык тармактарда жумасына он миңдеген айлык тапканы боюнча тасмаларды жайнатып, эч кимден ийменип койбостон иш жүргүзүп жатат. Системасына үңүлсөк, кирген киши адегенде 15 миң сом төлөп, ага катар 5 кишини милдеттүү түрдө киргизет экен. Көз ачып жумганчакты компанияга 90 миң сом түшөт. Анын канчасы мамлекетке түшүп жатканы боюнча эч ким айтып бере албайт? Анан кирген киши өз акчасын кайтарып алыш үчүн жаман көрүнүп башкаларды да үгүттөйт. Мына ушинтип чаламандын чак түшүндө кызыл кулактык менен элди тоноп жаткан шумпайлар акыры жазасын алаарына ишенебиз.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: