Menu

Самарканд бийлиги жергиликтүү тургундарды облус башчысынын айылында иштөөгө мажбурлоодо

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Самарканд облусунун башчысы Эркинжон Турдимов туулуп-өскөн Жуш кыштагын «Жайлуу айылга» айлантуу үчүн жергиликтүү тургундар курулуш иштерине тартылууда.

Өз булактардын айтымында, бийлик аларга жыл аягына чейин аталган кыштакты «Жайлуу айылга» айландыруу тапшырмасын берген.

«Жыл башынан бери бардык бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин мажбурлап иштетип келишкен. Эми болсо жергиликтүү тургундарды мажбурлап жатышат. Баш тарткандарды жумуштан кетиребиз деп, ал эми пенсия, балдарына жөлөкпул, материалдык жардам алган адамдарды бул төлөмдөрдү кыскартабыз деп коркутуп жатышат», – деди айыл тургундарынын бири.

Анын айтымында, бул айылдагы курулуш иштерине облус башчысы жеке өзү көзөмөл жүргүзүүдө.

Жуш кыштагындагы маалелердин биринин төрагасы Рахматилла Тогаев жергиликтүү тургандардын бул билдирүүлөрүн четке кагып, алар курулуш иштерине өз каалоолору менен чыгып жатканын билдирди.

Самарканддын борборунан 140 чакырым алыстыкта жайгашкан Жуш кыштагында 26 миңден ашык адам жашайт. Быйыл «Жайлуу айыл» программасын ишке ашыруунун алкагында облустун 14 районундагы 42 кыштак «таанылгыс» болуп өзгөрүшү керек. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен жалпысынан 372,062 миллиард сум каражат бөлүнгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: