Menu

Видео – Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУ Саммитинин, КЭР, Индия жана Монголия башчыларынын Кыргызстанга болгон визиттеринин жыйынтыгын чыгарды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июнда, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбековду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаарында 2019-жылдын 12-14-июнунда өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйыны, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визити, Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга жана Индия Президенти Нарендра Модинин расмий визиттеринин жыйынтыгы чыгарылды.

Министр Чынгыз Айдарбеков бардык өткөн иш-чаралар боюнча тиешелүү маалымат берди.

Президент Тышкы иштер министрлиги бардык тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте Саммиттин жана визиттердин мазмундук жагын жана протоколдук-уюштуруучулук маселелерин жогорку деңгээлде камсыздап беришкенин, конкреттүү натыйжалар бар экенин белгиледи.

«Эми алардын ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу — негизги милдет. Кагаз жүзүндө калбай, мамлекеттин, элдин пайдасына ишке ашырылышы керек. Бул эл аралык иш-чаралар Кыргызстандын аброюн бекемдеген, өлкөнүн келечегине жемиш алып келчү иш чаралар», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент ошондой эле Бишкек шаарынын тургундарына бул ири эл аралык иш-чаралардын убагында көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Шаардыктардын күнүмдүк турмушунда, өзгөчө коомдук транспорттун жүрүшүндөгү ыңгайсыздыктарга биздин жарандар түшүнүү менен мамиле жасашты. Ошондой эле миңдеген адамдар борбор шаарыбызды көрктөндүрүү, тазалыкты жана коомдук тартипти камсыз кылуу менен алек болушту. Алар күн-түн дебей иштешти. Мен баарыңыздарга жардамыңыздар жана жарандык колдоо үчүн ыраазычылык билдирем», — деп жыйынтыктады Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн тышкы иштер министрине Кыргыз Республикасынын Президентинин аппараты менен бирге ШКУ Саммитинин, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекеттик визитинин, Монголия Президенти менен Индия Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга расмий визиттеринин алкагында жетишилген макулдашуулардын мындан аркы аткарылышын кылдат көзөмөлгө алууну тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: