Menu

Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн сунушталган тогуз айып алтыга чейин кыскартылды

Бөлүшүү:

Ошентип, эки күндүк иликтөөдөн соӊ, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн сунушталган тогуз айып алтыга чейин кыскартылды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште өтүп жаткан мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча корутунду бере турган комиссиянын кезектеги жыйынынын жыйынтыгында белгилүү болду.

Жогорку Кеӊештин атайын комиссиясы тарабынан мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн Бишкек ЖЭБин модернациялоо жүрүшүндөгү коррупциялык жосундар,  «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна катышы, Бишкек ЖЭБине көмүр сатып алуудагы мыйзам бузуулар, Кой-Таш айылындагы жер участкасын сатып алуу маселеси сыяктуу айыптар белгиленген.

Белгилей кетсек, мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу боюнча корутунду бере турган комиссиянын корутундусунун долбоору Жогорку Кеӊештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК Регламенти боюнча комитетте каралууга тийиш.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 51 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: