Menu

Видео – Ирина Карамушкина, Фарид Ниязов баштаган КСДПчылар Алмаз Атамбаевди “апакай” деп маалымат жыйын өткөрүштү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-июнда КСДПнын саясый кеңешинин Ирина Карамушкина, Фарид Ниязов баштаган бир нече мүчөсү маалымат жыйын өткөрүп, Жогорку Кеңеш А.Ш. Атамбаевди Кыргыз Республикасынын экс-президенти статусунан ажыратуу максатында атайын комиссия түзүү жөнүндө токтом кабыл алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын бузууда, Алмаз Атамбаев “апакай” деп билдирүү таратышты.

КСДПнын аргументтери:

1. Конституциянын 28-беренеси бузулган, ага ылайык, адамдын жоопкерчилигин аныктаган же оордоткон мыйзам артка иштебейт.

Атамбаев А.Ш. экс-президент статусун 2017-жылдын 24 ноябрында, «КРнын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө» КРнын Мыйзамы иштеп турган учурда алган жана анда экс-президентти жоопкерчиликке тартуу каралган эмес.

Парламент 2019-жылдын апрелинде жогоруда аталган мыйзамга оңдоп түзөтүүлөрдү киргизген жана анда экс-президенттин жоопкерчилиги аныкталган, башкача айтканда, экс-президент статусунан ажыратылгандан кийин аны жоопкерчиликке тартуу каралган. Бул оңдоп түзөтүүлөр 2019-жылдын 27-майында күчүнө кирген.  Демек, аталган оңдоп түзөтүүлөр Конституциянын 28-беренесине ылайык, өткөн мезгилге эмес, келечек мезгилге карата ишке кирүүгө тийиш эле.

2. Жогорку Кеңеш тарабынан ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун тартиби жана жол-жобосу «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» КРнын Мыйзамы тарабынан аныкталат. Аталган Регламентте Жогорку Кеңештин экс-президентти статусунан ажыратуу боюнча ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун тартиби жана жол-жобосу жок.

«КРнын Президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жана КРнын экс-президентинин статусу жөнүндө» КРнын Мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеш экс-президентти статусунан ажыратуу боюнча ыйгарым укукка ээ. Бирок Жогорку Кеңештин бул ыйгарым укугун жүзөгө ашыруунун тартиби жана жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» КРнын Мыйзамында аныкталууга тийиш.  

Депутаттар экс-президентке карата КРнын Президентин кызматынан четтеттүүнүн жол-жобосун колдонушууда. Бирок экс-президентке карата аталган жол-жобону колдонуу жөнүндө Жогорку Кеңештин тийиштүү ченемдик- укуктук актысы кабыл алынган эмес.

3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» КРнын Мыйзамына ылайык, айып тагуу жөнүндө сунуш Президент күнөөлөнүп жаткан кылмыш белгилерин конкреттүү көрсөткөн көрсөтмөлөрдү, ошондой эле анын бул кылмышка катышы бар экени боюнча негиздемени камтууга тийиш. Сунушка кол койгон депутат өзүнүн кол тамгасын кайрадан чакырып алууга укугу жок.  

Бирок айып тагуу жөнүндөгү бул сунушка кайсы депутаттар кол койгону жана депутаттардын сунушунда кылмыштын кайсы конкреттүү белгилери бар экени алиге чейин белгисиз.

4. «Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актылары жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык, ченемдик-укуктук актылар расмий жарыяланган күндөн тартып 7 жумушчу күн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актыларынын Мамлекеттик бирдиктүү реестрине киргизилет. Ченемдик- укуктук актыларынын бирдиктүү реестрине киргизилбеген ченемдик- укуктук акты юридикалык күчкө ээ эмес.  

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин атайын комиссия түзүү жөнүндөгү токтому юридикалык күчкө ээ эмес, анткени ал Кыргыз Республикасынын ченемдик- укуктук актыларынын Мамлекеттик бирдиктүү реестрине киргизилген эмес.

5. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» КРнын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, депутат кызыкчылыктардын кагылышы болгон учурда комиссиянын курамы шайланганга чейин баш тартуу жөнүндө өзү билдирүүгө милдеттүү. Эгерде комиссиянын ишинин жүрүшүндө депутатта кызыкчылыктардын кагылышы келип чыккан учурда, анда ал комиссиянын төрагасына анын курамынан чыгуу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.  

Бирок, комиссиянын курамына экс-президент А.Ш. Атамбаевге карата кызычылыктардын кагылышуусунун  ачыктын ачык белгилери бар депутаттар киришти. Бул депутаттар – Мамытов Т.Т., Исаев К.К., Иманалиев К., Рыспаев К.Ж..

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: