Menu

Адвокат Гүлнара Каримованын абалы начар экенин билдирди

Бөлүшүү:

Гүлнара Каримованын швейцариялык адвокаты Грегуар Манжа (Grégoire Mangeat) Зангиата абагына кирип, Өзбекстандын маркум президентинин кызы менен жолугуп чыккандан кийин анын саламаттыгы начар экенин билдирди.

«Жаңы эле Гүлнара Каримова камакта жаткан Зангиата абагынан чыктым. Анын абалы жакшы эмес экен. Кан басымы жогору, бир буту толугу менен таңылып турат. Эч кандай дарылоо жок. Өзбек бийлиги мындай зомбулукту токтотушу керек», — деп жазды ал «Твиттердеги баракчасына.

Өз билдирүүсүндө адвокат абакта Гүлнара Каримовага тиешелүү деңгээлде медициналык жардам көрсөтүлбөгөн белгилеген.

Бир нече күн мурда Гүлнара Каримованын кызы Иман Каримова «Инстаграмдагы» баракчасы аркылуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) башчысы менен башкы прокуроруна кайрылган. Анда камактагы апасынын саламаттыгы күн сайын начарлап жатканына карабастан, ага медициналык жардам көрсөтүлбөй, басым болуп жатканы жазылган.

Өткөн жумада өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул маалыматтарды четке кагып, Каримованын абалы жакшы экенин жана зарыл болсо медициналык жардам көрсөтүлө турганын билдирген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 15 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: