Menu

Жылдызбек Касеинов, актёр: “Терс каармандын ролу аркылуу коомго таасир бергим келет”

Бөлүшүү:

Экранга чыгып жаткан акыркы жаңы тасмаларда көбүнчө араккечтин, терс каармандардын образын ачып берген Жылдызбек Касеиновду баарыбыз жакындан тааный бербесек керек. Бүгүнкү конок менен жакындан таанышып, терс каармандардын ролун аткаруу канчалык деңгээлде оор же оңой, оюн өзүнөн тыңдасак.

—Жылдызбек мырза, көп кинолордо терс каарманды ойнойсуз, сизге оор эмеспи?

—Тескерисинче терс каарманды ачып берүү актёр үчүн ырахат. Сени менен режиссёр көбүрөөк иштеп, баардык жактан тасманын жакшы болушуна аракет жасайт. Ал тасманы көргөн ар бир адам өзүн сырттан бир сыйра сын көз караш менен карап, «жаман адатым кармаганда ушундай көрүнөт турбаймынбы» деп оңолсо биздин жетишкендигибиз ошол дээр элем.

—Жашоодо дагы терс каарман катары кабыл, алып жаман көргөн учурлар болду беле?

—Андайлар абдан көп. Айрыкча «Акшоола» сериалы чыккандан кийин коомчулукта айрым жүрөгү таза адамдар мени азыркыга чейин жек көрүп жүрүшөт. Аксыда тамада болуп той алып бармакмын. Ары-бери басып даярданып жүрсөм, жеңелер жаман көзү менен карап, «тамада таппай калгансып ушул алкашты алып келишиптирби» дешсе күлкүм келди кайра. Эгер эл мени алкаш деп кабыл алып жини келсе анда, ролдорумду жакшы эле ойноп атат окшойм деп койдум ичимден.

—Араккечтин образын ачып берүүдөн тажаган жоксузбу? Жашоодо спирт ичимдигине кандайсыз?

—«Актёр роль тандабайт» деген кеп бар. «Кичинекей роль болбойт, таланты жок актёр бар» деп да коюшат.

Аракечтин образын ачуудан тажабайм. Турмушта далай алкаштарды көрөм. Аларды көрүп жатып эле кыймыл-аракетин жаттап алам. Мейли эки секунддук кадр болсо дагы ага катуу даярданам. Себеби мен актёрмун, баарына чыдашым керек. Ал эми турмушта аракты таптакыр ичпейм, кармабайм. Спирт ичимдиктеринен алысмын.

—Театрдын маянасы аз экендигин жакшы бидебиз, сизди актер катары эмне кызыктырат?

—Туура, бирок көчөгө чыгып алып «эй адамдар оңолгула» десең сени көргөндөр жаман көрүп, жинди болуптур деп ойлошот. Ал эми театрда спектакль аркылуу оюңду, тилегиңди, чакырыгыңды берсең адам карап олтуруп өзү менен өзү сүйлөшүп, кейипкердин жүзүн көрүп аз болсо да тарбия алат. Эң башкысы театрдагы жашоодо жок чындык бар. Чыныгы фанаттар гана бул жакта эмгектенип жатабыз. Кимдир бирөөгө нааразы эмеспиз, ыраазыбыз. Айлыгыбыз аз болсо да, калкыбыз тынч болсун.

—Коомчулукка жакшы көрүнгөн бирок, чыныгы жүзү өтө жаман адамдын образын сунушташса, аткаруудан баш тартпайсызбы?

—Андай ролду чын дилим менен берилип ойномокмун. Бул менин кыялымдагы нерсе. Учурда коомдо жасаган жакшылыгынан өзүнө упай топтогон популисттер көбөйдү. Алардын өздөрүнө ким экендигин баса белгилеп көрсөтүү мен үчүн ырахат болмок. «Мен укмушмун» дегендердин айрымдардын чыныгы жүзүн эл билбей эле жүрбөйбү. Бирок коомчулук жакшы деп сыйлаган мыкты чын эле жакшы адамдарыбыз да аябай көп. Кудайга шүгүр.

—Олуттуу адамдардын ролун жаратууга даярсыз демек…?

—Театрдабы, кинодобу мени кайсы бир кейипкердин ролуна бекитип жатышканда кадимкидей корком. Себеби жоопкерчилик аябай чоң. Жакшы тасманын бет ачаарында деле көрүп олтурганда мен гана ошол кинону бузуп аткансып түйшөлүп, кыйналам. Эми сиздер айткандай олуттуу адамдын ролун ойногум келет. Азырынча болбосо дагы кийин ал деле болуп калат деген ишеничим бар.

—Чыгармачыл адамдардын жашоосунда сүйүү бир нече жолу келет дешет, сиздин пикириңиз кандай?

—Ар бир эле жүрөгү бар адамдын жашоосунда сүйүү жашаш керек. Сүйүү менен жашооң көрккө чыгып, алдыга умтула баштайсың. Бир нече жолу эмес, биринчи келген таза сүйүүңдү барктап, багыш керек деп ойлойм.

—Жеке жашооңуз тууралуу сурагым келип турат жана жубайыңыз сиздин кесипке кандай карайт?

—Жеке жашоом боюнча айтсам, бир уул, бир кыздын атасымын. Кызым алты жашта, уулум алты айлык, кичинекей наристе. Келинчегим сиздердин кесиптешиңиздер, журналист. Мага ишенгени үчүн турмушка чыккан. Азыр колдоо көрсөтүп жакшы айтып, качан келбейин кабак-кашын ачып тосуп алат. Эгер башка чөйрөнүн адамы болгондо балким кыйналат белем. Артисттер менен журналисттердин иштөө тартиби окшош эле да. Ошол себептүү көнүп деле калды.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: