Menu

Атамбаевге коюлуп жаткан кинелерди парламенттин эки комитети тең колдоду

Бөлүшүү:

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестиктен ажыратуу маселесин 18-июнда Жогорку Кеңештин эки комитети тең удаа карап, дароо макулдугун берди.

Кол тийбестик боюнча түзүлгөн атайын депутаттык комиссиянын корутундусун адегенде Укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети карады. Андан кийин маселе Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитетте талкууланды.

Эми маселе парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Депутаттык комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиевдин айтымында, сунушталган тогуз киненин алтоо колдоо тапты, калган үчөө Атамбаев президенттикке келе элек убактагы иштер болгондуктан каралбайт.

– Эң кызыгы, бул фактылардын көбү Жогорку Кеңеште демилгечи топ көтөргөндөн кийин гана катталып жатат. Ага чейин укук коргоо органдарында андай укук жок болчу, – деди ал.

Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча демилге парламентте өткөн аптада көтөрүлүп, комиссия түзүлгөн. Демилгечи топ Атамбаевге тогуз кине койгон.

Комиссия алардын алтоо – бийликти узурпациялады, Кой-Таштагы тамынын жери мыйзамсыз, кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууну уюштурган, акча адалдаган «Ака инвест» компаниясына тиешеси бар, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга аралашкан, Бишкек ЖЭБине көмүр ташыган ишкананын кызыкчылыгын коргогон деген айыптар боюнча Атамбаевден шектенүүгө негиз бар деп чечти.

Ал эми үчөө – Орусиянын 123 жаранына, анын арасында кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө ок атуучу курал берген, Чүйдө 35,65 гектар айдоо аянтын мыйзамсыз трансформациялаган, Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында 4,61 гектар жерди «Фрунзе Резорт» компаниясына мыйзамсыз өткөрүп берген деген айыптар боюнча комиссия күнөө коюу негизсиз деген бүтүмгө келди. Буга Атамбаев ал кездери президенттик кызматты ээлебегени себеп болду.

Эреже боюнча, комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 60 добуш алса прокуратурага жөнөтүлөт. Прокурор өз пикири менен кайра депутаттарга кайтарат. Андан кийин 80 депутат макулдугун берсе кол тийбестик алынат.

Атамбаев баштаган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) депутаттык комиссиянын жыйынында айтылгандарды «чуулгандуу коррупциялык иштерден коомчулуктун көңүлүн буруу» деп баалап жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: