Menu

Казакстанда митингдер маалында 300гө жакын полиция кызматкери жаракат алган

Бөлүшүү:

Казакстанда ушул айдагы нааразылык акциялары маалында 300гө жакын полиция кызматкери жаракат алган. Бул тууралуу 18-июнда өлкөнүн Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

«Видеодо полиция кызматкерлерине кол салып, калкандарын тепкилеп, жулкулдатып жатканын көрдүңөр. 300гө жакын полициячы жаракат алган, көбүнүн жарааты жеңил. Учурда алтоосу ооруканада», — деп билдирди өлкөнүн ички иштер министри Ерлан Тургумбаев.

Өткөн жумада казак ИИМи жарандык кийимчен белгисиз адамдар менен полиция кызматкерлеринин ортосундагы кагылышуу учурлары тартылган видеотасма жарыялаган. Анда мекеме үч полиция кызматкери жаракат алганын билдирген.

Тургумбаевдин айтымында, митингдер маалында полиция атайын каражаттарды колдонгон эмес. ИИМдин маалыматы боюнча жалпысынан төрт миңге жакын киши кармалып, үч миңге чукулу протокол түзүлгөндөн кийин кое берилген. Мындан тышкары 677 адам административдик камакка алынса, 305 жаранга айыппул салынган.

9-июнь кечинде маалымат жыйынын өткөргөн ички иштер министринин орун басары Марат Кожаев нааразылык акцияларын «коомдук тартипти туруксуздаштыруу» аракети катары баалап, алардын катышуучуларын «чагымчылдар» деп атаган. Ошондой эле ал полициянын анда мыйзамга ылайык иш алып барганын белгилеген.

Алгач бийлик уруксат берилбеген митингдер маалында 700гө жакын киши кармалганын билдирген. Укук коргоочулар ИИМ расмий маалыматтарды азайтып айтып жатканын белгилеп, полициянын аракеттерин көз карандысыз иликтөөгө чакырышкан.

9-июнда өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев жеңишке жеткен. Ал 12-июнда ант берип, мамлекет башчысы кызматына киришкен. Батыш өлкөлөрүнөн келген байкоочулар Казакстандагы шайлоону сынга алып, бир катар мыйзам бузуулар болгонун белгилешкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: