Menu

Кубан Мамбеталиев, саясат талдоочу: ” ШОСту “Большая восмерка” деп тергей башташты, себеби курамына сегиз (восемь) мамлекет кирет. Кыргызстан ушунун ортосунда. Кут болсун!”

Бөлүшүү:

– Кубан мырза, айтсаңыз, өткөн жумадагы Шанхай кызматташтык уюмунун саммити биз үчүн кайсы жактары менен пайдалуу болду?

-Бардык жактары менен, себеби азыркы дүйнөдө бул эң маанилүү кызматташуулардын бири. 20-кылымдын тарыхын карасак, НАТО менен Варшавский договор болгон, 21-кылымда НАТО менен ШОС.

– Башталганда ШОС уюмунун күчү анчалык деле айбаттуу болбой жаткан, а бүгүн дүйнө көңүл буруп, эсептешүүгө аргасыз болууда. Эмнеге бүгүн мындай болуп кетти?

– Ооба, Кытай менен Россия ортого Борбор Азияны алып (бизди), чогуу аракет кылалы деп кадам шилтеп (мындан 18 жыл мурун) “Шанхай” деп жар салышты. Адегенге көзгө илбей, “бул СНГ дегенге окшогон эле бир местный бирикмеңер” деп керсейип коюшкан эл аралык серепчилер. Конечно, булар жаңылышты. Ошол жупуну көрүнгөн бирикме бүгүн эң масштабдуу уюмга айланды.

– Масштаб деп элдин санын айтып жатасызбы?

– Да, ааламда жашаган элдин жарамысын камтыса кантебиз. Факт. Анан сандан тышкары сапаты да масштабдуу, буга кирген мамлекеттерди тизмесинен бул кашкайып эле турат.

– Ушуну ирети менен санап берсеңиз болобу?

– Мына. ШОСтун толук укуктуу мүчөлөрү (8 мамлекет) – Кытай, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Пакистан.

“Наблюдатель” деген статуска ээ болгондор (4 мамлекет), башкача айтсак, булар кезегин күтүп тургандар – Афганистан, Беларусь, Монголия жана Иран. Мындан тышкары дагы “партнер” деген статуста 6 мамлекет – Азербайжан, Армения, Турция, Камбоджа, Непал жана Шри-Ланка.

– Ирандын күткөнү бир топ эле болду окшойт, бирок бул мамлекетке Американын көз карашы катуу болуп жатпайбы, эгерде ШОСко кирсе саясий ахыбал кандай болуп кетет?

– Бул жерде эртеси-кечи кеп эмес, тизмеге өз ыктыяры менен киргенден кийин андан чыкпайт. Ооба, Ирандын чоң “түйшүгү” бар, ал жерге аятолла Хомейни бийликке келгенден бери (40 жылдан ашты) Америка менен тирешип эле келе жатат. ШОСко толук укуктуу мөчө катары кирсе ирандыктар үчүн кырдаал өзгөрөт. Бул катардагы мамлекет эмес…

– Ядерлык куралы бар үчүн ушундайбы?

– Да, бул “серьезный” маселе, ядерлык куралы бар. Казакстан деле ядерлык мамлекеттердин тизмесине кошулмак. Эгемендүүлүк келген учурда ядерлык куралдар казактардын жеринде жайгашкан. Ошону Россияга которушканда Америка көмөктөшкөн. Ричард Лугар деген сенатор атайын келип, маселени көзөмөлгө алган. Мен ал киши менен Вашингтондо жолуккам. Ушул тема боюнча сүйлөшкөнбүз. Бул өз алдынча козгой турган тема.

– ШОСтун курамында канча ядерлык мамлекеттер бар?

– Толук мүчөлөрдөн төртөө (Кытай, Россия, Индия, Пакистан), кезекте тургандардан бирөө (Иран). Эгерде Северная Корея кошулса (ядерлык өлкө катары), анда кырдаал кескин түрдө өзгөрөт. Бул жерде дагы бир “очень важный” момент бар, мурун мындай болгон эмес.

– Анысы эмне экен айтасызбы?

– Азыркы саммитке ООНдон атайын өкүл келди (көзөмөл кылайын деп), катардагы кызматкер эмес. Генеральный секретардын саясый маселелер боюнча орун басары – Розмари Ди Карло. Бул өтө маанилүү белги. ШОСтун деңгээли, уюмдун салмагы бүгүн дүйнөнүн эң жогорку тепкичине жетти десек болот.

– Ушундай көрүнүштөр анда биздин келечегибизге эмнелерди алып келет экен?

– Бул бизди артка жылдырбайт, только вперед, астыга, эң масштабду жана эң салмактуу
уюмдун уюткусунда биз турганыбыз жаман эмес го, шүгүр дейли жана ушуга татыктуу бололу.

– Көпчүлүктү жанагы “Один пояс – один путь” деген темир жолдун таржымалы кызыктырат, буга эмне дейт элеңиз?

– Ооба, бул темир жолдун тарыхына чейрек кылым толду. Жолдун өлчөмү (“размер коллеи” деп коюшат) талаш-тартышка түшкөн, Кытайдын стандарты бир, Россияныкы башка. Анан эки президенттин келишпестиги күчөдү (“бизден өтүп, силерден өтпөсүн” деп), анан каржы маселеси, иши кылып проблемалар үйүлүп калган. Азыр болсо талашкан президенттер жок, Россия “Один пояс” долбооруна кирем деди, Кытай менен достошту. Эми тоскоол боло турган эч нерсе жок, төрт мамлекет бир столго олтуруп чечим чыгаруусун күтүп калдык

– Төрт мамлекеттер дегиңизге ким кирет?

– Россия, Кытай, Кыргызстан, Өзбөкстан. Бизге тиешелүү жагын айтып жатам, бирок так ушул жак долбордун негизин түзөт, так ушул төрт өлкөнү бириктириш үчүн жазылган бул, себеби биз бири-бирибизге тыгыз турган кошунабыз, бизди аттап кетүү мүмкүн эмес. Аттабайт.

-Ошондой эле болсун дейли, ал эми жолдон башка тармактарга тиешелүү келишимдер түзүлдүбү бул ирет же кандай?

– Албетте, түзүлдү, учурга жарашкан он чакты келишимдер, бирок муну экөөбүз деталдап териштирбей эле коелу, бул эксперттердин иши. Касапчылар да кызмат кылышсын, иним.

– Культурный программасын да “касаптабай” койсок дейсизби?

– Культура дегениң саясат менен экономиканын алдына чыкпайт. “Бытие определяет сознание” деп классиктер бекер айтышкан эмес.

ШОСтун ар бир отурумунда культура болот – концерт коюлат, чайлар ичилет, белектер берилет. Бул жолу бизге Кытай операсын коюп берди, Манасты кытай тилинде коюшту, жакшы көргөндөр баалап атышат. Россия машинелерин белек кылды, муну алгандар бөлүп атышат. Хорошо. Дагы ушундай багыттагы нерселер орун алды.

– Манастын сюжетин чагылдырганы туура эле болуптурбу?

– Муну эпикалык мурастын адистери иликтешсин, бизде Манас боюнча докторлук диссертацияларын жактаган илимпоздор бар. Бул тармактан да экөөбүз алыспыз – биздин предмет журналистика менен саясат.

– Макул, анда дагы бир суроом бар. Айыл чарба боюнча алдыга жылыш болду окшойт, байкадыңызбы?

– Байкадым, көйгөйдү жараткан айыл чарба тармагыбызга кытайлар жол ачабыз деп убада беришти. Сүт, бал, ун, черешня дегенги бизден Кытайга экспорттоо боюнча протоколго кол коюлду. Хорошо. Ош шаарыбызга Кытай эки шаары “побратим” кылды. Очень хорошо. Эми ушуну ишке (практикага) ашыра турган процесс калды. Бул жерде бир “национальный” балакетибиз бар, так ушул процессте орун алат. Башына “шапке” жана бутуна “өтүк” сурагандар чыгат.

– Эми сөзүбуздү ушундай “нота”менен бүтүрөлүбү?

– Жок, зачем, башкача бүтүрөбүз. Дүйнөлүк саясатты “геосаясат” деп коюшат, бул тармак өзүнүн түшүнүктөрүн жаратып жана бара-бара жаңыртып турат. “Большая восмерка” деген термин бар эле, ошол жерден Россияны чыгарышкандан кийин анын алгачкы мааниси өчүп калды. Азыр ушул терминдин экинчи мааниси жаралды – бул ШОС. Муну да “Большая восмерка” деп тергей башташты, себеби курамына сегиз (восемь) мамлекет кирет. Кыргызстан ушунун ортосунда. Это просто хорошо. Кут болсун.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: