Жангарачева Мира Камилевна Г. Айтиев атындагы көркөм өнөр музейине директор болуп дайындалды. Дайындоо жөнүндөгү буйрукту Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду. Бул тууралу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Жангарачева Мира Камилевна 1952- жылы туулган. Билими жогорку.
Кыргыз Мамлекеттик университети. Тарых факультети. Тарых жана социалдык илимдер мугалими (1969- 1974)
Москва Мамлекеттик университети. Философия илимдеринин кандидаты, доцент (1978- 1981).
Иш тажрыйбасы:
2000 2015 – ж.ж. – ПРООН программасынын социалдык маселелер боюнча менеджери (маданият жана билим берүү);
1999- 2000 ж.ж. – Чүй облусунун губернаторунун социалдык маселелер боюнча орун басары;
1998- 1999 ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министри;
1997-1998 – ж.ж. – КРнын Президентинин Аппаратынын Социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы;
1996-1997 –ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Вице- Премьер- министри (социалдык саясат боюнча);
1995-1996- ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
1992-1995- ж.ж. – Бишкек шаарынын Вице – мэри (социалдык маселелер боюнча);
1974- 1992 –ж.ж. Фрунзе Политехникалык институтунда окутуучу, кафедра башчысы жана декан болуп эмгектенген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ