Menu

Орусиядан Өзбекстанга «жүк-200» бекер жеткириле баштайт

Бөлүшүү:

Өзбек өкмөтү Орусиядан «жүк-200дү» алып келүүгө кеткен чыгымдарды толугу менен өзүнө алат. Бул тууралуу 18-июнда Өзбекстандын эмгек министри Шерзод Кудбиев билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстандын жарандары үчүн «жүк-200дү» алып келүү кыйла жеңилдейт.

«Эгер буга чейин патенттин, салыктарды төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөктүн көчүрмөсү сыяктуу документтер талап кылынып келсе, эми аларды сурабайбыз. Мындан тышкары бардык «жүк-200дүн» чыгымдарын мамлекет өзүнө алат», — деди министр.

Кудбиева министрлик ошондой эле Орусиянын түрдүү аймактарындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу борборлордо жашап жаткан өзбек жарандарын мекенине алып келүүгө даяр экенин кошумчалады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 90 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: